Харьковдо Орусиянын соккусунан эки адам мерт болуп, 25 киши жараат алды

"Искандер" ракетасы. Архивдик сүрөт.

Орус армиясынын ишембидеги соккусунан Харьков облусундагы Буда айылында кеминде эки адам мерт болуп, дагы 25 киши, алардын арасында эки бала жараат алды.

Облустук прокуратурадан кабарлашкандай, темир жол станциясы “Искандер” ракетасы менен аткыланган. Расмий Москва буга байланыштуу комментарий берген жок.

Орусиячыл аскердик блогерлер, комментаторлор чалгын дрону менен тартылган чабуул деген видеолорду таратышты.

Тасмадан станцияда техника жүктөлүп турган эшелон аткыланганын көрүүгө болот. Окуя болгон жерге куткаруучулар келгенде экинчи жолу сокко урулган.

Натыйжада куткаруу кызматынын райондук бөлүмүнүн башчысы менен бир полициячы мерт болду. Жараат алгандардын ичинен бешөө темир жол кызматкерлери, үчөө куткаруучу.

Согуштун шартында бул маалыматты бейтарап булактардан тастыктоо мүмкүн эмес.

Дагы караңыз

Караколдо Чек ара кызматынын аскер бөлүгүнүн курамы кеңейет Жалал-Абадда кычкылтек жана газ баллон коюлган коомдук жайларды текшерүү күчөйтЖалал-Абад: газдалган суу сатылган күркөдө баллон жарылып, бир адам мерт болду NYT: демократтардын донорлору Байден жарыштан чыкпаса 90 млн доллар берилбесин айтты Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы коррупцияга шек саналып камалды Донецкиде орус армиясынын аба соккусунан алты адам мерт болдуМинистрлик шылуундар жөлөк пул жөнүндө жалган маалымат таратканын эскертти