Коопсуздук кызматкерлери ок аткан адамды атып өлтүрүштү. Ал 20 жаштагы жергиликтүү тургун экени белгилүү болду.
АКШнын президенти Жо Байден жана дүйнө лидерлери ок атууну айыптап чыгышты. Азыр ок атуу учурун атайын кызматтар, жансакчылар эмнеге байкабай калган деген суроо жаралууда.
Атышуу башталганда Трамп дароо отура калган, атайын кызматтын өкүлдөрү жана жансакчылар анын жанына жетип келип алып чыгып кеткен. Видеолордон анын оң кулагы канга боёлгонун көрүүгө болот.
Республикачылардан президенттикке талапкер болгон Трамп Пенсильвания штатынын Батлер шаарында тарапкерлеринин алдында сүйлөп жаткан.
АКШнын атайын кызматынын байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Энтони Гульельми X социалдык тармагына Трамп "коопсуз жерде" деп жазды жана иликтөө жүрүп жатканын кошумчалады.
Трамптын өкүлү CNN телеканалына анын абалы жакшы экенин, жакын жердеги мекемелердин биринде медициналык жардам алып жатканын кабарлады.
Ок атуу Республикачылар партиясынын улуттук курултайына бир нече күн, шайлоого төрт айдан азыраак убакыт калганда болду.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Трамптын атаандашы, президент Жо Байден Трамптын аман-эсендигине терең курсанттыгын билдирди:
"Америкада мындай зомбулук болбоого тийиш. Биз муну айыптоо үчүн бир улуттай болуп биригишибиз керек".
Ал тапта Кошмо Штаттардагы алдыңкы саясатчылар ок атууну айыптап чыгышты.
"Биздин өлкөдө саясий зомбулукка жол жок", — деп жазды Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Чак Шумер (демократ, Нью-Йорк) Х тармагына. Ал соңку кабарлардан "үрөйү учканын", Трамптын абалы жакшы экенин билгенден кийин "жеңилдеп" калганын кошумчалаган.
I am horrified by what happened at the Trump rally in Pennsylvania and relieved that former President Trump is safe. Political violence has no place in our country.
— Chuck Schumer (@SenSchumer) July 13, 2024
"Шайлоо алдындагы тынч жыйында мындай саясий зомбулук биздин өлкөдө болбошу керек жана бир добуштан чечкиндүү түрдө айыпталышы керек", — деди спикер Майк Жонсон (республикачы, Луизиана) X түйүнүндөгү баракчасына.
Kelly and I are praying for President Trump and all the attendees of the campaign rally today in Pennsylvania, and we send our gratitude to the law enforcement who responded at the scene. I have been briefed by law enforcement and am continuing to monitor the developments. This…
— Speaker Mike Johnson (@SpeakerJohnson) July 13, 2024
Пенсильваниядагы окуяны дүйнөлүк лидерлер да айыпташууда. Окуя АКШдагы шайлоо кампаниясында дагы "саясий зомбулук" болбойбу деген кооптонууларды күчөттү. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш ок атууну сынга алды.
"Баш катчы муну кескин айыптайт. Ал Трамптын эртерээк сакайып кетишин каалайт", — деп айтылган Гутерриштин маалымат катчысы Стефан Дюжарриктин билдирүүсүндө.
Акыркы маалыматтарга караганда, ок аткан кишини кошкондо эки адам каза тапты. Дагы эки киши жараат алды. ФБР ок атууларды өмүргө кол салуу катары иликтеп жатканын, шектүү 20 жаштагы Томас Мэтью Крукс экенин маалымдады. Окуя болгон жерден жарым автомат мылтык табылганы белгилүү болду.
"Демократияда саясий зомбулукка орун жок, — деп X баракчасына жазды Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен. — Мен Трамптын тезирээк айыгышын каалайм, бейкүнөө курман болгон кишинин жакындарына көңүл айтам".
Канаданын премьери Жастин Трюдо, Евробиримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррель, Италиянын премьери Жоржия Мелони, француз президенти Эммануэл Макрон, Венгрия президенти Виктор Орбан, Израилдин премьери Беньямин Нетаняху да ок атууну айыптап чыгышты.
Трамп менен мамилеси анчейин болбогон украин президенти Владимир Зеленский да: "Зомбулукка эч качан жол берилбеши керек", — деп жазды.
Трамп 13-июлдагы тарапкерлери менен жолугушуудагы бир нече жолку ок атуу маалында кулагына ок тийип, жеңил жараат алганын билдирди.