Австралияда теги орусиялык жубайлар тыңчылыкка шектелип кармалды

Энтони Албаниз.

Австралия Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деген шек менен эки жаранын колго түшүргөнүн билдирди. Өлкөнүн федералдык полициясы 12-июлда маалымдагандай, алар теги орусиялык, аялы 40 жана күйөөсү 62 жаштагы жубайлар экени аныкталды.

Жубайы, мекеме билдиргендей, Австралиянын армиясында маалыматтык системалар боюнча катардагы адис кызматында иштеп, купуя маалыматтарга уруксаты бар болчу. Ал Орусияга "жарыяланбаган сапарга" барып, ошол жактан күйөөсүнөн өзүнүн жумуш аккаунтуна кирип, "айрым бир маалыматты" жеке электрондук почтасына жөнөтүүнү суранган.

Аялдын жумуш аккаунту, тергөөчүлөрдүн айтымында, «орус бийлигине өткөрүп берүү максатында жашыруун маалыматка жетүү үчүн» бир нече жолу колдонулган. "Бул маалымат орус бийлигине өткөрүлүп берилгенби же жокпу, жубайлардын чет жактагы аракеттери кандай болгон, мунун баары иликтенүүдө", — деп билдирди полиция.

Австралиянын Коргоо министрлиги аял камакка алынганы тууралуу кабары бар экенин жана ал кызматтан алынып, маалымат базасына кирүү мүмкүнчүлүгү токтотулганын жарыялады.

Эгер жубайларга тагылып жаткан «тыңчылыкка даярдык көрүү» айыбы сотто далил тапса, алар 15 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми эгер тыңчылык боюнча түздөн-түз далил табылса, Австралия мыйзамдары боюнча, андай адамдар өмүрүнүн аягына чейин камакка алынат.

Соттук отурум 20-сентябрга дайындалды.

Премьер-министр Энтони Албаниз Австралиянын улуттук коопсуздугуна каршы иш-аракет кылууну көздөгөндөр жазасыз калбай турганын эскертти.(RK)

Дагы караңыз

Жусуп Абдрахмановдун “Кыргызстан” китеби түрк тилине которулдуПакистан 44 миң ооган жараны АКШ жана башка өлкөлөргө көчүрүүнү күтүп жатканын билдирдиБалыкчыдагы автобекет менчикке мыйзамсыз берилгени аныкталдыКемпир-Абад иши: Прокурорлор шаардык сотко кайра жаңы апелляциялык сунуш берди