Кишинев НАТОнун Молдовадагы орус аскерлерин чыгаруу чакырыгын кубаттады

Михай Попсой.

НАТОнун Вашингтондо өткөн саммитинде Орусияны Молдованын аймагындагы бардык аскерлерин чыгарып кетүүгө үндөгөн жана молдовалык бийликтин реформа аракеттерин колдогон декларация кабыл алынышы расмий Кишиневди шыктандырат. Бул тууралуу Молдованын тышкы иштер министри Михай Попсой билдирди.

«Биз Молдова жөнүндө айтылганына, ошондой эле Молдова республикасын реформалоо боюнча [жасалып жаткан] алгылыктуу аракеттерибиздин таанылышына, Молдова республикасынан орус аскерлерин чыгарып кетүү чакырыгына кубанычтабыз. Бул абдан маанилүү билдирүү”, — деди Попсой 11-июлда «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна.

Өлкө президенти Майя Санду Молдованын ичиндеги жикчил Приднестровье аймагында советтик мезгилден калган курал-жарак кампасы жайгашкан бөлүктө жүздөгөн орусиялык аскерлердин жайгашуусун токтотуу керектигин айтып келет.

Попсой НАТОнун жана Европа Биримдигинин колдоосу менен демократиялык реформаларды илгерилетүү аракети уланып келатканын, Орусиянын Украинага каршы ачкан согушунан улам жаралган энергетикалык кризистен, орусиялык «Газпромдон» 30 жыл ичинде түзүлүп калган көз карандылыктан арылууга шарт түзүлгөнүн кошумчалады.

Быйыл 20-октябрда Молдовада президенттик шайлоо менен катар 27 өлкөдөн турган Европа Биримдигине кошулуу маселеси боюнча референдум да өткөнү жатат.

2020-жылы Москванын саясатын колдогон президент Игорь Додонду утуп чыккан Майя Санду Европадагы эң жакыр өлкөлөрдүн бири Молдованы Батышка, Европага ыктаган саясат жолу менен алып барууда. Ал Орусиянын Украинага кол салуусун дароо айыптап, быйыл жазында Deutsche Welle басылмасына курган маегинде "Эгер Путинди токтотпосо, ал андан ары кетет" деп айткан.

Молдова Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер макамын 2022-жылы алган. Кишинев менен биримдиктин бул боюнча сүйлөшүүлөрү 2023-жылы 14-декабрда башталган.

Молдованын курамындагы Приднестровье жикчил аймагында быйыл февралда орусиячыл саясатчылардын жыйыны өтүп, «коргоп бергиле» деп Орусияга кайрылуу кабыл алышкан окуя расмий Кишиневдун кооптонуусун жараткан. (RK)

Дагы караңыз

"517 гектар жер жарактан чыкты". Кен казуунун орду толгус кесепети Столтенберг Орусиянын коркутуп-үркүтүүсүнөн натыйжа болбосун айттыКемпир-Абад иши: Прокурорлор шаардык сотко кайра жаңы апелляциялык сунуш берди "Сребреницада 8372 киши өлтүрүлгөн". 29 жыл мурдагы кыргын