Сыргабаев транспорт министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Абсаттар Сыргабаев.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев кызматтан бошотулду.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен ал транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Президенттин басма сөз кызматы мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Жалал-Абад облусуна губернатор болуп дайындалганын кабарлады.

48 жаштагы Абсаттар Сыргабаев буга чейин Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген. Жалал-Абад облусунун жетекчиси кызматына 2020-жылы октябрда келген.

Ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо ошол кезде Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев башында турган “Мекенчил” партиясынан талапкер болгон. Ошондой эле партиянын тизмесинде бешинчи катарда турган.

Абсаттар Сыргабаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы катары да белгилүү. (BTo)

Дагы караңыз

Токтогулда суунун көлөмү 11 млрд метр кубдан аштыЕвропа чемпионаты: Испания менен Англия финалда ойнойтУКМК Бишкекте балдардын эки диний лагери жабылганын билдирдиНАТОго мүчө мамлекеттер Украинага чукул арада F-16 учактарын жеткиретVOA: Колумбиянын жээгинде борборазиялык мигранттар түшкөн кайык чөгүп кеттиЭмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигинде мыйзам бузуу аныкталдыЛаззат Нургожоеванын жигитинин агасы да кармалганы кабарланды