Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:39

VOA: Колумбиянын жээгинде борборазиялык мигранттар түшкөн кайык чөгүп кетти


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Колумбиянын жээгинде, Кариб деңизинде 20дай мигрант түшкөн кайык чөгүп кетти. Арасында Казакстандын да жарандары болгонун "Америка добушу" радиосу жазды.

Маалыматка караганда, бир киши набыт болуп, төртөөнүн дайыны табылбай жатат. 15 адам куткарылды.

"Франс-пресс" агенттиги жазгандай, аман калгандардын арасында алты жашы жете элек бала бар. Алардын экөө казакстандык, үчөө венесуэлалыктар экени аныкталган. Дагы бир баланын жарандыгы белгисиз.

Ал эми аман калган чоңдордун арасында Колумбия, Эквадор, Иран, Никарагуа, Казакстан жана Венесуэланын жарандары бар экени маалым болду.

Кайык Никарагуанын чыгышында жайгашкан Сан-Андрес жана Провиденсия аралдарына жакын жерден кырсыкка учураган. Колумбия бийлиги билдиргендей, мигранттар Америкага мыйзамсыз кирүү үчүн чытырман токойлорду (жунглини) аралагандан коркуп, негизинен ушул жолду тандашат.

Колумбиялык аскерлер издөө-куткаруу иштери уланып жатканын билдирди.

Май айында Вашингтон Никарагуаны АКШга мыйзамсыз барууну көздөгөн мигранттардын агымын уюштурууга жардам берип жатканы үчүн айыптап, санкция салган.

Соңку жылдары Кошмо Штаттарга мыйзамсыз кирген борбор азиялык мигранттардын саны өсүп жатканы байкалууда. Былтыр ар кандай эсептерге караганда, 17 миң өзбекстандык, жети миң кыргызстандык, үч миң тажикстандык, 2,5 миңдей казакстандык жана эки миңдей түркмөнстандык жаран мыйзамсыз кирген.

XS
SM
MD
LG