Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:49

Европа чемпионаты: Испания менен Англия финалда ойнойт


Англиянын футболчулары Нидерланд менен болгон беттеште.
Англиянын футболчулары Нидерланд менен болгон беттеште.

11-июлга караган түнү Футбол боюнча 2024-жылдагы Европа чемпионатынын жарым финалында Англия менен Нидерланддын курама командалары ойноду.

Беттеш Дортмунд шаарындагы “Сигнал идуна парк” стадионунда өтүп, Англия 2:1 эсебинде жеңишке жетип, Европа чемпионатынын экинчи финалисти болду. Оюндун 7-мүнөтүндө Нидерланддын жарым коргоочусу Хави Симонс гол киргизип эсепти ачты.

18-мүнөттө Англиянын чабуулчусу Харри Кейн 11 метрлик айып соккудан гол киргизип, эсепти теңеди. Беттештин акыркы мүнөтүндө (ред: 90-мүнөт) Англиянын дагы бир чабуулчусу Олли Уоткинс гол киргизип, Англияга жеңишти алып берди.

10-июлга караган түнү Испания Франциянын курама командасын 2:1 менен утуп, финалга чыккан.

14-июлда Испания менен Англия 2024-жылдагы Европа чемпионатынын финалында беттешет (15-июлга караган түнү).

Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионаты 14-июнда башталган. Ага 24 өлкөнүн курама командалары катышууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG