УКМК Бишкекте балдардын эки диний лагери жабылганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жапкан балдар лагери.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте мыйзамсыз иштеп жаткан балдардын эки диний лагери жабылганын билдирди.

Атайын кызмат 11-июлда тараткан маалыматка ылайык, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өтпөй иштеп аткан диний лагерлерде 6-17 жаштагы 110 бала (балдар жана кыздар) билим алып жатышкан.

Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө лагерлерде санитардык-эпидемиологиялык нормалар сакталбаганы, билим берүү программалары да бузулганы аныкталган. Ушул тапта иликтөө иштери жүрүүдө. Тергөө аяктагандан кийин уюштуруучулардын аракеттерине укуктук баа берилери айтылды.

УКМК “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзамдын 5-беренесинин 4-пунктуна ылайык, балдарды диний уюмдарга тартууга жол берилбей турганын эскертти. (BTo)

Дагы караңыз

Европа чемпионаты: Испания менен Англия финалда ойнойтЭмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигинде мыйзам бузуу аныкталдыЛаззат Нургожоеванын жигитинин агасы да кармалганы кабарландыАйтургандын өлүмү боюнча ишти акыйкатчы көзөмөлүнө алдыЖалал-Абад менен Баткенге авиакаттам качан жанданары белгисизАкылбек Жапаров Орусиянын банктарына Кыргызстанда филиал ачууну сунуштады