ЖРТ - 2024: Алдыңкылар "Алтын сертификат" алды

"Алтын сертификат" тапшыруу аземи. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясы. 10-июль, 2024-жыл.

10-июлда Бишкектеги Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган окуучуларга президент Садыр Жапаров Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Алтын сертификат” тапшырды.

Быйыл тестирлөөгө 51 946 бүтүрүүчү катышып, анын 58и “Алтын сертификат” алды.

Максаты бийик бүтүрүүчүлөр

Нарын облусундагы лицейдин бүтүрүүчүсү Арзыбек Сулаев ЖРТдан 227 балл топтоп, быйыл “Алтын сертификатка” ээ болгон 58 бүтүрүүчүнүн бири болду. Эми ал билим алууну Түштүк Кореяда улантмакчы.

Арзыбек Сулаев.

"Кубалык мушкер Йоэль Ромеро айткандай, “Эгер бекем ишенсең, бардык нерсеге жетише аласың". Өзүңө ишенсең, эмнени кааласаң ошого жетет экенсиң. Андыктан өзүңөргө ишенгиле. Түштүк Кореяга окууга тапшырып, өттүм. Ал жактан бакалавриатты аяктап, Кыргызстанга келип, билим берүү тармагында өзүмдүн ишимди баштасам деп турам", - деди Арзыбек.

Ал эми Бишкектеги 9-мектептин бүтүрүүчүсү, сынактан 225 балл топтогон Ширин Шакирова Борбор Азиядагы Америка универститетинде эл аралык бизнес укугу боюнча акысыз билим алууга камынып жатканын айтты:

Ширин Шакирова.

"Бул жактан билим алган соң, магистратурага Америкага тапшырсам деген максатым бар. Келечекте адвокат болгум келет. Мени башка мамлекеттер, башка элдер "Аа, бул кыргыздын кызы Ширин да!" деп таанып турушун каалайм. Бул менин эң чоң кыялым".

"Кесипкөй кадрларга муктажбыз"

10-июлда Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган Арзыбек жана Ширин сыяктуу бүтүрүүчүлөргө президент Садыр Жапаров Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Алтын сертификаттарды” тапшырды.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн мамлекет башчы Кыргызстанда кесипкөй адистер жетишпей жатканына, мындан улам билимдүү жаштарга муктаждык бар экенине токтолду.

“Жыл өткөн сайын ата-энелер балдардын билим алуусуна инвестиция салуунун артыкчылыктарын аңдап, түшүнө баштаганы мени абдан кубандырат. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча кесипкөй адистердин, кесипкөй кадрлардын тартыштыгы бар экени баарыбызга жакшы маалым. Бул үчүн мектептерден, билим берүү мекемелеринен билим пайдубалын бекем түптөп, андан ары жогорку окуу жайларды ийгиликтүү бүтүргөн билимдүү жаштардын арбын болушу талап кылынууда”, - деди президент.

"Эки тилдеги тесттин мазмуну бирдей"

Быйыл “Алтын сертификат” алган 58 окуучунун сегизи гана тестти кыргыз тилинде тапшырганы буга чейин коомчулуктун талкуусун жаратып, тесттин суроолору орус тилинен которулат деген дооматтар айтылган.

Тесттеги тил маселеси парламентте да көтөрулүп, айрым депутаттар “алтын сертификат” сынактагы тилди тандоонун санына жараша бөлүп берилсин деген сунуштар да айтылган эле.

Дагы караңыз "Алтын сертификат" алган 58 окуучунун сегизи тестти кыргызча тапшырган"

Резиденциядагы иш-чарага катышкан Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Азаттыктын” бул боюнча суроосуна жооп берип жатып, тесттин эки тилдеги мазмунунда эч кандай айырмачылык жоктугун айтты:

Догдуркүл Кендирбаева.

“Кыргызча же орусча тапшыруу - балдардын өзүнүн тандоосу. Бул жерде балага багытталган тилдик дискриминация жок. Бул боюнча айрым депутаттар дайыма эле маселе көтөрүп келет. Кайсы гана орус тилиндеги текстти которбо, ал эки тилде кетет же орусчасында кыска жазылып калат. Орусча “идет” десе, бизде “келе жатат” болуп калат. Сөз айкаштарында болгон өзгөчөлүк тапшырманын мазмунун эч качан өзгөртпөйт”.

Быйыл Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө 51 946 бүтүрүүчү катышты. Мунун арасынан 58и “Алтын сертификатка” татыды.

Бишкек шаарынан 35, Ош шаары менен Ош облусунан 7, Чүйдөн 7, Жалал-Абад менен Нарын облустарынан 3төн, Таластан 2, Баткен облусунан 1 бүтүрүүчү “Алтын сертификат” алды.