Кыргызстанда жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы жарыяланып, анда эң көп упай алган 58 абитуриент “алтын сертификатка” татыды. Быйылкы жалпы жыйынтыктар мурдагыларга салыштырмалуу кандай көрсөткүчтө болду? Жалпы канча абитуриент тест тапшырды? Коомчулукта тесттин жол-жобосу жана тил боюнча айырмачылыгы тууралуу жүрүп жаткан талкуулардын тегерегинде Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева менен маек курдук.
- Чынара айым, тесттен көп упай алган “алтын сертификат” ээлеринин тизмеси жарыяланды. Быйылкы сынактын жалпы жыйынтыгы кандай бааланууда?
- Быйылкы Жалпы республикалык тестти өткөрүү жараяны бүтүп, жыйынтыктарды алдык. Бул көрсөткүчтөр бир аз өзгөрүшү мүмкүн. Анткени 21-23-июнь күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында май айындагы тестке жүйөлүү себеп менен катыша албай калган 1 миң 200дөн көп абитуриенттен сынак алынды. Алардын жыйынтыгы менен жалпы көрсөткүчтөрдө өзгөрүү болуп калышы мүмкүн.
Быйыл тестти былтыркыга салыштырмалуу 700дөй окуучу көп тапшырып, алардын жалпы саны 50 миң 741 кишиге жетти. Абитуриенттердин 29 миң 529у кыргыз тилинде, 21 миң 212си орус тилинде тест тапшырган. Жалпы жыйынтыктар буга чейинки жылдарга салыштырмалуу жогору деп бааланууда. Мисалы, жалпы тест тапшыруучулардын орточо упайы 128,6ны түздү, бул сан былтыр 121,8 болгон. Адатта ЖРТдагы босого упай 110 деп белгиленип келет. Бирок бул чекти жыл сайын Билим берүү жана илим министрлиги аныктап турат. Былтыр 110 упай жогорку окуу жайларындагы бюджеттик орундар үчүн, 105 контракт менен окууга, ал эми педагогикалык багытка 115 упай бекитилген. Ошол тажрыйба менен алсак, 110 упайлык босого чектен өткөн абитуренттердин пайыздык үлүшү 66,9% болуп атат. Былтыр бул көрсөткүч 58,3% болгон. Демек, абитуриенттер быйыл тестке жакшыраак даярдык менен келген десек болот. Май айындагы тесттин жыйынтыгы менен “алтын сертификатты” 56, Ош жана Бишкек шаарларында июнда өткөн тесттин жыйынтыгы менен дагы эки абитуриент алып, алардын жалпы саны 58ге жетти.
- Быйылкы тесттин жыйынтыгы мурдагы жылдагылардан жакшырганы эмнеге байланыштуу? Же бул абитуриенттердин даярдыгынан эле көз карандыбы?
- Бул жеке абитуриенттердин даярдыгына байланыштуу. Анткени тестти окуучулар эле тапшырбайт. Анда жогорку окуу жайга тапшырууну каалаган башка да адамдар бар. Алсак, мектепти бүтүргөнүнө 10 же 20 жыл болгон адамдар да тест тапшырышат. Албетте, басымдуу бөлүгү мектепти жаңы бүткөн абитуриенттер болот. Ошол себептүү бул жыйынтык билим берүүнүн деңгээлин көрсөтпөйт. Тест абитуриенттин жөндөмүн көрсөтүүгө багытталган, анын максаты билим деңгээлин аныктоо эмес. Бул жерде адамдын дарамети эске алынып, окуганын канчалык түшүнөт, маалыматты талдай алат, тыянак чыгарат, маалыматтарды салыштыра алат деген нерселер маанилүү.
- Бул тест билим берүүнүн деңгээлин көрсөтпөйт дегенибиз менен, массалык сынак болгону үчүн муну баалоо критерийи катары кароого мүмкүн да. Анткени мектептин деле максаты окуучуларды заман талабына ылайыктап окутуп, аларды жогорку окуу жайга өтө ала турган деңгээлде билим берүү эмеспи.
- Ооба, бирок билим берүүнүн деңгээлин аныктаган бир критерий катары гана кароо керек. ЖРТга карап эле билим деңгээлин аныктаганыбыз туура эмес. Мисалы, мектептин билимин аныктоо үчүн сапаты, окуучунун жетишкендиги, жүргүзүлгөн изилдөөлөр, окуучулардын мамлекеттик сынактардагы баалары, класстан класска көчкөндөгү тапшырмаларды аткаруусу, республикалык олимпиада деген башка да критерийлер бар. Ошол себептүү ЖРТнын жыйынтыгы жалгыз критерий эмес. А бирок тесттин суроолору толугу менен мектеп программасына шайкеш келтирип түзүлөт.
- “Алтын сертификат” алган 56 абитуриенттин тизмесин карасак, алардын 34ү Бишкек шаарынан тест тапшыргандар экен. Бул жыл сайын байкалган көрүнүшпү? Мындай чоң айырмачылыкка эмнелер себеп?
- Жалпы республикалык тесттен башка ар кандай изилдөөлөрдө, мисалы, EGRA жана EGMA, PIRLS, НООДУ жана PISA долбооруна катышканда деле Бишкек шаары дайыма алдыда болуп келет. Анткени бул борбор. Башка өлкөлөрдө да борбор калаадагы жыйынтык жакшы болот. Бизде баары үчүн программа бир болгону менен, мектептердеги шарт башкача, борбордо мүмкүнчүлүк көбүрөөк. Бирок “алтын сертификаттын” айырмачылыгы менен эле Бишкек жана башка аймактарды салыштырып кароо мүмкүн эмес. 50 сертификат жалпы тест тапшыргандардын 0,1% гана түзөт. Бул көрсөткүч менен баа бере албайбыз. Албетте, Бишкекте мүмкүнчүлүк көбүрөөк, маалымат да көп, ата-энелердин да билим берүүгө мамилеси башкача болгондуктан, бүт эле өлкөнүн борборундагы көрсөткүчтөр жакшы болуп келет.
- “Алтын сертификат” алган 58 абитуренттин канчасы кыргыз, канчасы орус тилинде тест тапшырышкан?
- Эсептеп көрсөк, жалпы 58 сертификаттын ээлеринин сегизи тестти кыргызча тапшырган экен. Калгандары орус тилинде тапшырган. Мында тест тапшырган адам сынактын тилин өзү тандайт. Тагыраагы, бул анын мектепте кайсы тилде билим алганына карап аныкталбайт. Азыркы учурда ушул кыргызча же орусча тапшыруу маселеси талкууланып жатпайбы.
- Өзүңүз белгилегендей, тесттеги тил маселеси талкууланып, Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Анда “алтын сертификат” сынактагы тилди тандоонун санына жараша бөлүп берилсин деген сунуштар болду. Сиздерде ушул сунуш боюнча маселе каралган жокпу?
- Бул маселени өкмөт жана Билим берүү министрлиги чечет. Биз тестти өткөрүүдө министрликтин буйрутмасын гана аткарабыз. Жогоруда айтканымдай, биз жалпы республикалык тесттен “алтын сертификат” алган 0,1% көрсөткүч менен тыянак чыгарбашыбыз керек.
Жалпы республикалык тест жаңы башталганда 200 абитуриент мыкты деп табылып, сертификат берилчү. Бул балдарды шыктандыруу үчүн киргизилген ыкма. Ал учурда тестти өзбек тилинде да тапшырышчу. Тестти кайсы тилде тапшырганынын айырмасы жок, ошол маалда мыкты 200 абитуриент деп аныкталып, аларга белектер берилип, өзү каалаган жогорку окуу жайга өтө алчу. Кийин бул сан 200дөн 50гө кыскарды. Тестти орус тилинде тапшыргандар деле - кыргыздын жарандары экенин белгилей кетиш керек. Өкмөттүн чечими менен тил боюнча бөлүп койсо деле болот. Анда бардык адамдын укуктары боюнча талаптарга туура келеби деген суроо чыгат. Азыркы шартта кайсы тилде тест тапшырбасын, жалпы карап, мыкты 50 абитуриент деп жарыялап келебиз. Эгер муну бөлсөк, коомчулук кандай карайт, аны билбейбиз.
- Эки тилде жүргөн тесттин татаалдыгы бирдей эле болобу? Балким, бул айырмачылык тесттеги суроолорго байланыштуу эмеспи?
- Жок, мында тесттеги суроолордун татаалдыгы эки тилде тең бирдей болот. Тест 20 жыл мурун жаңы кирип жатканда көпчүлүк тест түзүүчүлөр суроолорду орусча түзүшүп, кийин кыргызчага которулчу. Азыр андай эмес, айрым тарыхчылар кыргызча, айрымдары орусча түзөт да, кийин которулат. Мында эки тилдеги суроолордун татаалдыгы бирдей болот. Тест тапшырмаларынын эквиваленттүүлүгү деген статистикалык маалыматтар бар. Бул ошонун негизинде да далилденген. Тестологияда ар бир тапшырманын статистикалык портрети алынат. Мисалы, бир суроо жана анын төрт вариант жообу эки тилде тең турат. Мында күчтүү жана чабал тест тапшыруучулар деп каралат. Күчтүү абитуриенттер бул суроого кандай жооп беришти? Туура эмес болуп калса, эмнеге ката жооп берди? Балким, котормодо же техникалык аткарылышында ката бардыр? Же болбосо бул тема балдарга окутулган эмеспи? Ушул сыяктуу суроолордун негизинде ар бир тапшырма боюнча анализ жүрүп турат. Анын жыйынтыгында ушундай көйгөйлүү тапшырмалар аныкталса, алар тесттен алып салынат да, тест тапшыргандардын баарына бирден упай кошулат. Бул абитуриенттердин кызыкчылы үчүн.
Дагы бир жагдай, жалпы жыйынтыкты караганда, кыргыз тилинде тест тапшыргандардын орточо упайы орусча тапшыргандардыкынан азыраак болуп турат. Тапшырмаларды карап чыкканда, эквиваленттүүлүк бар. Бул жердеги маселе – окутууда. Бул нерсени башка изилдөөлөр да далилдеп турат. Мисалы, Кыргызстан 2006 жана 2009-жылдары PISA изилдөөсүнө катышкан. Анда окуучулар орус, кыргыз жана өзбек тилинде сынак тапшырышкан. Жыйынтыгында жакшы көрсөткүч орус тилинде тапшыргандардыкы болгон. Мындан тышкары Окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин улуттук баалоо (ОБЖУБ - НООДУ) боюнча да орусча тапшыргандардын жыйынтыктары жогору. Биз 2013-2023-жылдары “алтын сертификат” алган абитуриенттер боюнча баяндама даярдаганбыз. Анда 2013-жылы кыргыз тилде сынак тапшырган бир да абитуриент “алтын сертификат” алган эмес, 2019-жылы 26 бала алып жатат. Ал эми тесттин татаалдыгы эки тилде тең бирдей. Кайталап кетейин, бул көрсөткүчтөн эле жалпы билим деңгээлин аныктоого болбойт.