Бишкекте эки жаңы автобус каттамы киргизилди

Бишкекте каттамдагы автобустар. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбор калаада №25 жана №175 автобустук каттамдар 10-июлдан тарта ишке киргизилди.

Мэриянын маалымдашынча, №25 каттам Кара-Жыгач жана Ала-Тоо жаңы конуштарынын ортосунда жүрөт. Автобус Ала-Тоо конушунан Алыкулов көчөсү аркылуу Ак-Ордо конушуна кирип, андан ары Ахунбаев көчөсү аркылуу Манас прспектине келет.

Проспекттен Горький-Анкара көчөлөрү аркылуу Кара-Жыгач жаңы конушуна жетет.

Ал эми №175 автобус шаардын түндүк тарабындагы Маевка айылынан түштүгүндөгү Жаштар кварталына чейин каттайт. Маевкадан чыккан автобус Тоголок Молдо көчөсү менен Жибек Жолу проспектине, андан 7-апрель көчөсү менен Горький, андан 4-7-кичирайондорду аркылуу Байтик көчөсү менен Масалиев проспектине чыгат. Акыркы аялдамасы Жаштар кварталында болот.

Автобустар ар бир линияда 20-22ден болот, ортосундагы аралык 10 минут.

Мэриянын маалымат катчысы каттамдар шаардыктардын кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

Бишкекке газ менен жүрүүчү жаңы автобустар каттамга чыгарылган. Шаар бийлиги алардын санын утур-утур көбөйтүп, кичи автобустардын баарын автобустарга алмаштырууда.

Бүгүнкү күнү шаарда каттамга күн сайын 6оодөн ашуу автобус чыгып жатканы кабарланган.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргыз маданияты: Музыка таануучу Сагыналы Субаналиев көөнөргүс мурас калтырганЖалал-Абадда жар көчүп, эки наристени басып калдыОрусиянын кандуу чабуулу: Абадан коргонуу системасы жетишсиз, Киев аза күтүүдөУкраина: Жапырт чабуулдун курмандыктары 40тан аштыКазакстанда балдарга газ чачып, неонацисттик ураан айткан орусиялык өспүрүм кармалды