Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:45

Жалал-Абадда жар көчүп, эки наристени басып калды


Жалал-Абад шаары.
Жалал-Абад шаары.

Жалал-Абад шаарынын Барпы көчөсүндө жар көчүп, 4 жана 2 жаштагы эки баланы басып, экөө тең чарчап калды.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя 8-июлда күндүз болгон. Милицияга жергиликтүү тургундардын бири чалып, жар боюнда ойноп жаткан балдарды топурак жана таш көчүп, басып калганын билдирген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары келгенче балдарды жергиликтүү тургундар чыгарып алган, экөөнүн тең ооруканага жетпей өмүрү кыйылган.

Маалыматка караганда, чарчап калган балдар жарга жакын жайгашкан үй ээсинин уулу жана небереси болушкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG