Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:16

Казакстанда балдарга газ чачып, неонацисттик ураан айткан орусиялык өспүрүм кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда Орусиядан барган, балдарга калемпир газ чачып, неонацисттик ураан айткан өспүрүм кармалганын 9-июлда Актөбө облустук полициясы билдирди.

Актөбөдөгү көпүрөлөрдүн биринде болгон окуянын видеосу социалдык түйүндөргө өткөн аптада тараган. Андан орусча сүйлөгөн өспүрүм көпүрөдөн басып баратып четинде турган 6-7 жашар эки эркек балага жакындаганда колундагы баллондон биринин бетине газ чачып жибергенин, адатта неонацисттер колдонуучу ураан айтканын, экинчи бала кача баштаганын көрүүгө болот.

Өспүрүм чек арадан өтүп кетүүгө аракет кылган жеринен кармалганы, полициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынганы, «ээнбаштык» деген берененин негизинде териштирүү жүрүп жатканы маалымдалды.

16 жаштагы өспүрүм Казакстанда туулганын, апасы менен Орусия жашай турганын, Актөбөгө жайкы каникулга атасына барганын, кайтканда аны менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн Орусиянын Ички иштер министрлигинин Саратов облусу боюнча башкармалыгы кабарлады.

Видео социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратып, баланын жоругу фашизмдин башталышы катары мүнөздөлүүдө жана анын өзүнө да, ата-энесине да чара көрүү талаптары коюлууда. (RK)

XS
SM
MD
LG