“Айт, айт десе” жана Temirov Live долбоорлорунун негиздөөчүсү Болот Темиров билдиргендей, мунун алдында түрмө кызматкерлери төрт журналисттин камераларынан "Ак ийилет, бирок сынбайт" деген жазуусу бар футболкаларын алып кеткени болгон. Жаза аткаруу кызматы ички териштирүү башталганын маалымдаган.
"Футболкаларын күч менен тартып алышканы мыйзамсыз"
Болот Темировдун ырасташынча, камералар тинтилген жагдайга байланыштуу Башкы прокуратурадан сырткары Акыйкатчы институтуна жана Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборуна арыз жолдонду. Азырынча башкы көзөмөлдөөчү орган бул кайрылуу тууралуу комментарий бере элек.
Абактагы журналисттердин адвокаты Улан Сейитбеков окуя 6-июлда болгонун билдирген.
"Мен тергөө абагына кирип чыктым. Ишемби күнү эртең менен эле кирип тинтип, футболкаларын күч менен тартып алышыптыр. Төрт журналисттин - Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров жана Айке Бейшекееванын футболкаларын күч менен тартып алып коюшуптур. Бул мыйзамсыз. Алар бычак же башка тыюу салынган буюмдарды алып кирген жок да. “Ак ийилет, бирок сынбайт” деген бул макал да. Ал эч кимдин беделине шек келтирген жок да. Ал жерде эс кандай мыйзам бузуу болгон эмес".
Жаза аткаруу кызматы бул окуяга байланыштуу кызматтык териштирүү жүрүп жатканын айтуу менен гана чектелген. Анын жыйынтыгы тууралуу азырынча маалымат бериле элек.
"Кызматынан аша чабуу"
Адвокат Агзам Дүйшөналиевдин билдиришинче, камералар тинтилип, футболкалар алынган окуя кызматынан аша чабуунун белгилери бар.
"Эгер тыюу салынган буюм-тайым табылса, аны алып койгонго укуктары бар, ошондой эле соттолуп жаткан адамдарга карата дагы чара дагы көрүшү мүмкүн. Эгер футболкаларда сот же атайын органдар тыюу салган жазуулар болсо, ал экстремисттик мааниде же кастыкты козутса ошондо гана алып койгонго укуктары бар. "Ак ийилет, бирок сынбайт" деген кыргыздын эле сөзү. Эч кандай тыюу салынган эмес. Эгер түрмө кызматкерлери ушундай кадамга барса, анда муну кызмат абалынан аша чабуу деп эсептесе болот".
Ушул жылдын апрелинде Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызы абакта сабалганы тууралуу маалыматтар чыккан. Жаза аткаруу кызматы аны төгүндөп, күнөөнү Тажибек кызына оодарган.
"Кемпир-Абад ишине" байланыштуу камалган, акталып чыккан укук коргоочу Рита Карасартова соңку окуяны басым катары баалады. Мындай учурлар буга чейин дагы болгонун белгиледи.
"Убагында биздин балдар дагы Кемпир-Абаддын сүрөтү тартылган, "Кыргызстандын жери" деген жазуусу бар футболкаларын дагы тинтүү жүргүзүп, тыюу салынган буюм сыяктуу чыгарып кетишкен. Кийип чыгалы десек тоскоол кылышкан. Бул маалымат берүүнү бир жолу. Анан калса соттун баары жабык өткөн, биздин балдарды эч ким көрбөйт. Бирок балдарыбызды чечиндирип, футболкаларын айрып, балдардын кан басымдарын көтөрүшкөн. Булардыкы деле куду ошондой эле болуптур. Мыйзам бузулганына карабай эле басым-кысым жасаганга өтүп алышты. Алар кандай арыз түшсө дагы жазасыз каларын билишет, ошондуктан ушундай ишенимдүү кадамдарга өтүштү".
Төртөө абакта, жетөө үй камагында
“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасында иштеген, иликтөө менен алектенген 11 журналисттин үйүндө ушул жылдын башында, 16-январда таң эрте милиция тинтүү жүргүзүп, кармап кеткен. Сотто бөгөт чарасы каралганда баары камакка алынган.
Дагы караңыз Акыйкатчы институту абакта журналистке күч колдонулганын ырастадыКийинчерээк жетөө ар кандай себептерден улам үй камагына чыгарылган.
Ички иштер министрлиги аталган басылмалардагы калайман башаламандыктарга чакырык жасаган материалдар болгонун, мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.
Дагы караңыз Блинкен Бишкекке кат жазды, Садыр Жапаров демократия тууралуу айтты
Иш учурда Ленин райондук сотунда каралып жатат, журналисттер күнөөсүн мойнуна алган эмес. Соңку сот жараянында, 9-июлда айыпталуучулардын баары суралып бүттү.
Келерки отурум 18-июлга белгиленди жана анда иштеги материалдарды изилдөө башталып, журналисттик материалдарга байланыштуу корутунду берген эксперттер көрсөтмө берет.
Бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары кыргыз бийлигине кайрылып, эркин кабарчыларды бошотууга чакырып келет.