Айыл чарбаны колдоого 3,27 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл 4-июлга карата "Айыл чарбаны каржылоо" долбоорунун негизинде жеңилдетилген насыя 8 279 ишкерге 3 млрд 277,92 млн сомдук насыя берилди.

Финансы министрлигинин маалымдашынча, “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 2 млрд 917,27 млн сом каражат 7 159 ишкерге берилсе, “Өсүмдүк өстүрүү” тармагы боюнча 360,65 млн сом 1 120 ишкерге берилген.

Жеңилдетилген насыя “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” (РСК) банктары аркылуу берилүүдө. Быйыл “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоору аркылуу дыйкандарга насыя берүү үчүн 7 млрд сом бөлүнгөнүн “Айыл банктын” төрагасы Тилек Алимжанов парламентте билдирген.(ZKo)

Дагы караңыз

Украина: 40тай ракета чабуулу, кеминде 20 өлүм катталдыЭрдоган Асадды Түркияга чакыруу ниетин билдирди Кыргызстанга беш айда чет өлкөлөрдөгү жарандардан 1,1 млрд доллар келдиИзраил Газа шаарына чабуул койду