Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:51

Эрдоган Асадды Түркияга чакыруу ниетин билдирди


Режеп Тайып Эрдоган
Режеп Тайып Эрдоган

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Сириянын президенти Башар Асадга өз ара мамилени калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн чакыруу жөнөтүү ниетин билдирди. Бул тууралуу мамлекеттик Анадолу агенттиги 7-июлда маалымат таратты.

"Биз (Асадга) чакыруубузду жиберебиз. Муну менен Түркия-Сирия мамилелерин мурункудай деңгээлге келтирүүнү каалайбыз. Биздин чакыруу каалаган убакта болушу мүмкүн",- деди Эрдоган журналисттер менен болгон маегинде.

Түрк президенти ошондой эле Анкара Дамасктын бардык оң кадамдарына жооп берерин жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен Ирактын премьер-министри байланышты жеңилдетүүгө салым кошорун белгиледи. Эрдогандын чакыруусу Асаддын Түркияга сапарынын ишаратыбы же башка жердеги жолугушууга байланыштуубу азырынча белгисиз.

Президент Эрдоган июнь айында да Асад менен алакаларды жандантуу үчүн жолугушууга даяр экенин кыйыткан. Бирок Сириянын расмийлери Түркиянын миңдеген аскерлерин козголоңчулар көзөмөлдөгөн түндүк-батыштан чыгарып кетүүгө макул болгондон кийин гана мамилелерди нормалдаштыруу мүмкүн экенин айтып келет.

Анкара көп жылдардан бери Асадды бийликтен кетирүүгө аракет кылган куралдуу оппозициячыл согушкерлердин негизги колдоочуларынын бири болуп келет. 2016-жылдан бери Сириянын түндүгүндө үч ири аскердик операция өткөрдү. Түндүк Сириянын бир бөлүгү түрк куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүндө.

Ал эми Орусия менен Ирандын колдоосуна ээ болгон Асад соңку бир нече жылда өнөктөштөрүнүн жардамы менен аймактын көпчүлүк бөлүгүн кайтарып алууга жана согуштун агымын өз пайдасына бурууга жетишти. Түркия колдогон оппозициячыл күчтөр учурда Сириянын Идлиб аймагын гана башкарат.

Түркия Сирия менен дипломатиялык байланышын 2011-жылы Сирияда Асадды бийликтен кулатууну көздөгөн козголоңчуларга колдоо көрсөткөн жарандык согуштан кийин үзгөн.

Учурда Түркияда 3 млн 700 миң сириялык качкын баш калкалайт. (ElB)

XS
SM
MD
LG