Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:42

Украина: 40тай ракета чабуулу, кеминде 20 өлүм катталды


Киев. Балдар ооруканасы. 2024-жылдын 8-июлу.
Киев. Балдар ооруканасы. 2024-жылдын 8-июлу.

Украинанын борбор калаасы Киевдин аскердик администрациясы Орусиянын ракеталык чабуулунан бүгүн 8-июлда кеминде жети кишинин өмүрү кыйылганын билдирди.

Шаар мэри Виталий Кличко жалпысынан кеминде 11 киши жараат алганын, алардын сегизи ооруканада экенин, жабыркагандарды тактоо уланып, балдар ооруканасында уранды астында калгандарды куткаруу аракети жүрүп жатканын, бул согуш башталгандан берки "эң оор чабуулдардын бири" болгонун жазды.

«Шевченко району, Сырец. Дагы бир сокку тийген жер. Турак үй. Болжол менен 17 батир талкаланды. Жеринде өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери иштеп жатышат. Уранды астында калган адамдардын үнү угулууда. Ошолорду сактап калуу үчүн болушунча ыкчам иштегенге аракет кылып жатабыз, иш көп», - деп билдирди Кличко.

Балдар ооруканасы, мекеме имараттары, үйлөр, машиналар талкаланып, айрым жерлер өрттөнүп жатканы маалымдалууда.

Кривой Рог шаарында каза болгондор 10го жеткенин, дагы 30дай киши жараат алганын, үйлөр, ишканалар талкаланганын облустук аскердик администрация башчысы Сергей Лысак кабарлады.

Өлкө президенти Владимир Зеленский Украина жапырт чабуулга кабылганын Telegram каналы аркылуу билдирди. «Киев, Днепр, Кривой Рог, Славянск, Краматорск. Ар кандай типтеги 40тан ашуун ракета. Үйлөр, инфраструктура жана балдар ооруканасы кыйрады. Бардык кызматтар иштеп жатат, болушунча көбүрөөк кишини сактап калуу аракети жүрүүдө», — деп жазды ал.

Украинанын Ички иштер министрлиги бүгүн каза болгондор кеминде 20 киши экенин, 50 чакты киши жараат алганын маалымдады.

Башкы штаб фронттогу абал боюнча маалымат берип, орус аскерлери азыркы тапта Донецк облусундагы Покровск багытында чабуул аракеттерин улантып жатканын билдирди.

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага кол салган алгачкы жылы Украина Батыштагы союздаштары жөнөткөн курал-жарактын жардамы менен орусиялык чабуулдарга туруштук берип тура алган, бирок былтыр андай жардам дээрлик токтоп, фронтто оор абал түзүлгөн. Быйыл жазында гана жардам кайра улана баштады.

Мындан тышкары Орусия күн сайын Украинанын аймагына ракета жана дрон чабуулдарын улантууда. (RK)

XS
SM
MD
LG