Израил Газа шаарына чабуул койду

Газа шаары.

Газа секторунда бүгүн 8-июлда эртең менен Израил аскерлери Газа шаарын аткылап, танктар колоннасы калаанын борбордук бөлүгүнө бир нече тараптан кирип барганын, бул чабуул согуш башталгандан берки эң катуу соккулардын бири болгонун Reuters маалымат агенттиги жергиликтүү булактардын айтканына таянып жазды.

Сектордун ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобу көзөмөлдөгөн өзгөчө кырдаалдар мекемеси ондогон адамдын өмүрү кыйылганын, чыгыштагы Дараж жана Туффа, батыштагы Тал ал-Хава, ал-Сабра жана Римал кварталдарындагы уланып жаткан соккулардын айынан куткаруучулардын ал жакка жетүүсү кыйын болуп жатканын билдирди.

Сокку түндө да урулганы, айрым жерлерде үйлөр талкаланганы, адамдар Жер ортолук деңизди көздөй качууга мажбур болуп жатканы маалымдалды.

«Алар арт жагыбыздан бастырып келе жатат, алдыда деңиз, биз кайсы жакка барабыз?» - деди өзүн Абдел-Гани деп тааныштырган жергиликтүү тургун.

Ал эми Израил аскерлери Газада террорчулардын инфраструктурасын жок кылуу уланып жатканын, дагы кеминде 30 согушкер өлтүрүлгөнүн, алар Израилге коркунуч жаратып келгендер экенин билдиришти.

Өткөн аптада Египет, Катар жана АКШ согушту токтотуу боюнча ортомчулук аракетин кайрадан улантышканы маалымдалган.

Согуш 2023-жылы 7-октябрда ХАМАС Израилдин аймагына кол салганда башталган. Ошол күнү 1200дөй киши өлтүрүлгөн, 250дөй кишини согушкерлер Газага барымтага алып кеткен.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин соңку маалыматына караганда, ошондон бери Израилдин чабуулдарынан 38 миңдей кишинин өмүрү кыйылды, дагы көптөгөн киши уранды астында калган болушу ыктымал. Анклавдын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү улам бир аймакка барып, качкын болуп жашоодо. Эл аралык уюмдар Газа калкын ачарчылык да тооруп турганын айтууда. Согуштун айынан Израилдин дарегине палестин калкына карата геноцид тууралуу айыптоолор айтылууда, өзү антип айтууга эч негиз жок экенин белгилеп, ХАМАСты жок кымайынча өз коопсуздугуна коркунуч сакталып тура берерин билдирүүдө. (RK)

Дагы караңыз

Газадагы согуш: Борбор Азия арачы боло алабы? Мэр Бишкектен троллейбустар толугу менен алына турганын айттыЧуңкурчакта аркан менен аскадан секирген эркек каза тапты Чуңкурчуктагы окуя: Милиция Fly Jump спорт комлексинин ээсин кармады