Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:36

Мэр Бишкектен троллейбустар толугу менен алына турганын айтты


Бишкектеги троллейбустардын бири. Архив.
Бишкектеги троллейбустардын бири. Архив.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Кабар” улуттук маалымат агенттигине борбордон троллейбустар толугу менен алына турганын айтты. Мэр шаардын ичи троллейбус линияларынан тазаланып, элди ташууга автобустар киргизилерин кошумчалады.

“Кыйма-чийме троллейбус линиялары алынат, азыр мына жарнамалык такталар да тазаланууда. Электр өткөрүүчү зымдар, кабелдер жер астына өткөрүлүп жатат. Экинчиден, троллейбус өз багыты боюнча белгилүү бир көчөлөр менен гана жүрөт. Аны убактылуу башка көчөлөргө бура албайбыз. Электробустар жана башка транспорт каражаттары мобилдүү болгондуктан, тыгын маселесин чечүүдө жардамы да тиет. Ошондой эле биз троллейбуска түшкөн жүргүнчүлөрдүн саны кыскарганын да байкап, ушундай чечимге келдик”, - деген ал.

Бирок троллейбуска түшкөн адамдардын саны мурда канча эле, азыр канчага чейин азайганы тууралуу сандарды айткан эмес. Бишкекте ушул тапта №11 жана №14 троллейбус каттамдары гана жүрүүдө.

Бишкек шаардык мэриясы калаадагы троллейбустарды электробустарга алмаштырып жатканы май айынын башында белгилүү болгон. Калаадагы эко-активисттер мэриянын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынан расмий жообуна таянып, троллейбустарды байланыш түйүнү жана тарткыч көмөкчордондор менен бирге Ош, Токмок жана Кара-Балта шаарларына өткөрүү пландалып жатканын айтып чыгышкан.

Активисттер мэриядан келген каттын сүрөтүн социалдык түйүнгө жарыялашкан. Анда иштөө мөөнөтү бүткөн же эскирген троллейбустардын ордуна 120 электробус сатып алынары белгиленген. Документке ылайык, каржылык колдоону Азия өнүктүрүү банкы берет.

#SaveBishkekTrolleybus кыймылы жана башка демилгелүү топтор буга каршы чыгып, коомдук транспорттун экологиялык түрүн сактап калууну талап кылышкан.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кадырбек Атамбаев 6-майда Фейсбукка пост жазып, бул маселе эки ай мурун көтөрүлгөнүн, депутаттар каршы чыкканына карабай мэрия ушундай чечимге келип жатканын билдирген. Ал 21-июнда жазган постунда шаардык кеңештеги “Социал-демократтар” фракциясы калаадагы троллейбус линиясын демонтаж болуп жатканын “мыйзамсыз аракет” деп баалап, прокуратурага кайрылганын маалымдаган.

Мэрия июндун башында калаадагы жолдорду оңдоонун шары менен бир катар жолдордо, анын ичинде Байтик баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүндө троллейбус зымдарын алган.

Айбек Жунушалиев 21-июнда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, 210 чакырымдык троллейбус линиясынын 70% эксплуатациялоо мөөнөтү өтүп кеткенин, аны алмаштыруу кымбат турарын айткан. Ал ушундан улам айлампа линиядагы гана троллейбустар калтырылып, калганы алына турганын, бул тыгынды азайтууга салым кошорун маалымдады. Мэр шаардагы 152 троллейбустун 100ү Ош шаарына берилерин билдирген.

Былтыр ноябрда Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаага алгачкы электробустар 2024-жылдын биринчи жарымында келерин билдирген. Жалпы 120 электробус келиши күтүлүүдө.

Ушул маалга чейин муниципалдык бийликке таандык 135 троллейбус 11 каттамда эл ташып келген. (BTo)

XS
SM
MD
LG