Кыргызстанга беш айда чет өлкөлөрдөгү жарандардан 1,1 млрд доллар келди

Иллюстрациялык сүрөт.

2024-жылдын январь-май айларында Кыргызстанга чет мамлекеттерден 1 млрд 176,6 млн доллар келген. Улуттук банктын маалыматына ылайык, бул жеке жарандар жиберген акча.

Которулган акчанын басымдуу бөлүгү Орусияга туура келет. Орусиядагы мигранттар Кыргызстанга 1 млрд 093,5 млн доллар жиберишкен.

Башка өлкөлөрдөн 80,8 млн доллар, Америка Кошмо Штаттардан беш айда 27 млн доллар которулган.

Ошондой эле Түркиядан 6,9 млн доллар жана башка мамлекеттерден 46,8 млн доллар жиберилген. (ZKo)

Дагы караңыз

Газадагы согуш: Борбор Азия арачы боло алабы? Мэр Бишкектен троллейбустар толугу менен алына турганын айттыЧуңкурчуктагы окуя: Милиция Fly Jump спорт комлексинин ээсин кармады Орбан Киев жана Москвадан кийин Бээжинге барды