Францияда парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат

Шайлоо тилкесиндеги кезек. 7-июль, 2024-жыл

7-июлда Францияда парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө. Шайлоо өлкө президенти Эммануэл Макрон Европарламенттин депутаттарын шайлоодон кийин парламентти таратканына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда өтүп жатат.

Депутаттарды шайлоо мажоритардык системада - партиялык тизме менен эмес, шайлоо округдары боюнча өткөрүлүүдө.

Алгачкы айлампасы 30-июнда болуп, анда ашынган оңчулдардын “Улуттук биримдик” партиясы алдыга чыккан.

Андан берки аралыкта солчул партиялардан куралган "Жаңы элдик фронт" саясий блогу менен президент Эммануэл Макрондун партиясы курамына кирген "Жалпыбыз республика үчүн" аттуу саясий коалициянын көпчүлүк талапкерлери бири-биринин пайдасы үчүн ат салышуудан баш тартты. Шайлоого катышуудан эки коалициядан жалпы 200 талапкер өз эрки менен четтеди.

Экинчи айлампада жалпы 501 мандат үчүн күрөш жүрүүдө.

Добуш берүү жергиликтүү убакыт менен саат 18:00дө аяктайт. Чоң шаарларда 20:00гө чейин уланат.

Шайлоодо 43 млн шайлоочу добуш бере алат. Биринчи айлампада добуш берүүгө шайлоочулардын 67% катышкан.

Дагы караңыз

Евро-2024: Жарым финалга чыккан командалар аныкталды"Кооптуу топтун" колунан депутаттын документи табылды "Сахарово": Кордук көргөн мигранттар Ысык-Көлдө "Жайчы" агро-фестивалы өттүНоокаттагы сел: Таза суу жок, калыбына келтирүү иши уланууда