Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

Евро-2024: Жарым финалга чыккан командалар аныкталды


Евро-2024: Ниделанддар менен Түркия футбол курамаларынын беттеши. 7-июль, 2024-жыл. Германия.
Евро-2024: Ниделанддар менен Түркия футбол курамаларынын беттеши. 7-июль, 2024-жыл. Германия.

7-июлга караган түнү Футбол боюнча 2024-жылдагы Европа чемпионатынын жыйынтыктоочу чейрек финалдык оюндары болду.

Биринчи Англия - Швейцария беттешинде негизги убакыт 1:1 эсебинде аяктап, пенальти тебүүдө англиялыктар алдыга чыкты (5:3).

Экинчи оюнда Нидерланд менен Түркия беттешип, 2:1 эсебинде Нидерланд жеңишке жетти. Бир күн мурда болгон чейрек финалдык беттештерде Испания - Германияны кошумча берилген убакытта 2:1 эсебинде, ал эми Франция пенальтилер сериясында Португалияны жеңген - 0:0 (5:3). Эми 9-июлда (Бишкек убактысы боюнча 10-июлга караган түнү саат 1:00дө) жарым финалда Испания Франция менен, 10-июлда (11-июль, саат 01:00) Нидерланддар Англия менен ойнойт.

Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионаты 14-июнда башталган. Чемпионатка 24 өлкөнүн курама командалары катышты. Финалдык оюн 14-июлда (15-июлга караган түнү) болот. (ECh)

XS
SM
MD
LG