Ысык-Көлдө "Жайчы" агро-фестивалы өттү

"Жайчы" агрофестивалынан бир көрүнүш. 6-июль, 2024-жыл

6-июль күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк-Сай айылында "Жайчы" агро-фестивалы өттү. Иш-чара Кыргызстандын аймактарына чет элдик туристтерди тартууга, айыл туризмин өнүктүрүүгө, ата мекендик өндүрүучүлөр чыгарган буюмдарды жайылтууга арналган.

Фестивалда келген конокторго улуттук кол-өнөрчүлүктүн сырлары, оюндар, улуттук тамак-аштар жана эт, сүт азыктары тартууланды.

Фестивалды улуттук кийимдердин дизайнери катары таанылган Гүлмира Акматова уюштурган.

Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө багытталган түрдүү тематикадагы фестивалдар арбын өтүп турат.

"Кийиз дүйнө", "Кымыз фест" иш-чараларынын максаты өлкөдөгү ички туризмди өнүктүрүүнү жана чет өлкөлөрдөн туристтерди тартууну көздөйт. (ZKo)

Дагы караңыз

Ноокаттагы сел: Таза суу жок, калыбына келтирүү иши уланууда Воронежде дрон чабуулунан курал-жарак кампасы өрттөндүГазадагы согуш: Борбор Азия арачы боло алабы? Орусия он балбаны Олимпиадага баруудан баш тартканын жарыялады Орусияда "террорчу жана экстремисттер" тизмесинде 79 өспүрүм бар