"Сахарово": Кордук көргөн мигранттар

"Сахарово". Москванын четиндеги миграциялык борборго катталуу үчүн кезекте турган мигранттар. Архивдик сүрөт жана анын макалага тиешеси жок. Иллюстрация

Орусиядагы “Сахарово” миграциялык борборунда кыйноого кабылып, арыздангандардын аягы тыйыла элек.   

Орусияда көп жыл иштеген Азамат менен Рустамды (ысымдары өзгөртүлдү) полиция кармаган. Сот аларды 5 жылга депортациялоо чечимин чыгарган. Адегенде алар Москванын четиндеги “Сахарово” мигарациялык борборуна жеткирилген. 17-18 күн бою мазактоого, кемсинтүүгө туш болгонун айтып беришти.

"Сахарово – түрмө"

Азамат Орусияга барып-келип, ал жакта дээрлик он жылдай иштеген. Полициячылар маал-маалы менен текшерип, кыр көрсөтүп турганы менен олуттуу көйгөйгө туш болгон эмес. Акыркы жолу 2022-жылы июнь айында жүргүзүлгөн рейддердин биринде кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилген. Ал жерде эки күн түнөгөн. Каттоого турган эмес, эмгек китепчеси жок деген негизде сот ага депортация чечимин чыгарган. Азамат Москванын четиндеги “Сахарово” миграциялык борборуна жеткирилген. Аны менен кошо жүк ташыган автоунаада дагы 30дай мигрант барган:

"Биринчи зонадагы камерада эки кабат темир керебеттер, бурчта ажаткана бар экен. Темир керебетте уктагандар уктап, уктай албагандар кирпик какпай таң атырдык. Таң атканда катарга тизип, чечиндирип алып текшеришти. Андан кийин бийик тосмо аркылуу экинчи зонага өттүк. Ал жерде эшик-терезелери тордолгон узун-узун коридорлор бар экен. Мурда коронавируска каршы даярдалган жай деп уктук. Коронавирус бүткөн соң убактылуу кармоочу жайга айландырышыптыр. Ал жакта миңдей мигрант бар экен. Кыргыздар, өзбектер, тажиктер..."

Азамат борбордун түрмөдөн айырмасы жок экенин, кармалгандар үчүн эч кандай шарт түзүлбөгөнүн, тар камераларда онго чукул адам жаткан айтат:

"Ошентип жашообуз түрмөдөгүдөй эле улана баштады. Күнүгө ботко берет. Адам жегис тамак. Түрмөдөгүдөй алюминийден жасалган кружка жана тарелка. Күндө араба менен сүйрөп келип, түрмөдө тамак тараткандай салып кетет. Кружкаларды тизип коесуң, чакадан кайнак суу куюп кетет. Бир күндө бир саатка эшикке сейилдөөгө чыгарат экен. Сыртка чыкканда күндү көрөсүң. Төрт бурчтуу капас кылып, тор менен тосуп койгон. Үстүн дагы тоскон. Адам чыга албай тургандай кылышкан".

Кыйноонун куралы - электршокер

Мигрант борбордо 17 күн жаткан. Ал бул аралыкта мазактоого, опузалоого кабылганын, нагыз кыйноо кетерге чукул башталганын эскерет:

"Бир убакта кете тургандардын атын атап, коридорго чыгарышты. Фамилияңды айтканда коридорго чыгасың да жүгүрөсүң. Ошол жерден “чурка” деп желкеңе урат. Мен чыкканда эле желкеге урду. Коридордо жүгүрүп жөнөдүм. Жүгүрүп барганда эле “фамилия”, “катуу айт” деп кыйкырат. Фамилияңды айтасың. “Оңго” дейт. Оңго киргенде бөлмө бар экен. Анын ичине кафель чапталган, душ сыяктуу бөлмө экен. Ошол жерге киргизди да электршокер менен [урду]... Артты каратып туруп, эки колду көтөртүп, эки бутту эки жакка койдуруп, дубалга тургузуп, ток менен баскылап баштады. Мен чыдабай кеттим. “Болду, болду, жетишет” десем, “чыда, дагы бир жолу басам, ошону менен бүтөт” деп жатпайбы. Анан дубалга каратты дагы экинчи бутума [электршокер] басты. Андан соң кишен салып, кезек-кезеги менен ура башташты. Союл менен да, кол менен урушту. Эч ким ооз ача албайт. Ооз ачсаң эле жыга чабат. Баары калтырап турат. Арасында менин атамдай чоң кишилер бар эле. Токту көтөрө албагандар аксап баса албай калды. Албетте, ыза болдум. Кантип болбойсуң? Эстесем ыйлагым келет. “Сахарово” дегенде азыр ошол учур эсиме келе берет. Интернетке кирип, “Сахарово” деген сөздү укканда эле ошол ток менен урганы эсиме түшөт".

  • Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 21-июндан 24-июнга чейин Москвадагы “Сахарово” миграциялык борборунда кармалып турган 84 кыргызстандык өлкөгө жөнөтүлдү. 24-июндагы маалымат боюнча, сөз болуп жаткан борбордо дагы 124 кыргыз жараны бар.
  • Мекеме 20-июнда Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери “Сахарово” борборунда кармалган мекендештерге барышканын кабарлады. Борбордун жетекчилиги менен Кыргызстандын жарандарын кармоо шарттары, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан маалыматтар талкууланган.
  • “Сахарово” борборунун жетекчилиги мыйзам бузуулар тууралуу арыз түшпөгөнүн, мындай фактылар катталса Орусиянын мыйзамдары менен зарыл чаралар көрүлө турганын айткан.
  • Жакында эле интернетке бул борбордо кармалып чыктым деген кыргызстандык Бактыгүл Молдобаева видео жарыялаган. Ал бул жайга түшкөн мигранттар кордук көргөнүнө, кош бойлуу аялдар бар экенине жана эркектерди уруп-сабаган учурларга күбө болгонун айтып берген.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Сахарово" борборунда кыздарды мазакташты".

Азаматтын айтымында, мигранттарды формачан адамдар кыйноого алган, алар ОМОН кызматкерлери болушу мүмкүн деген ойдо. Аскерлер “Сахароводо” кармалган мигранттарды аэропортко чейин коштоп барышкан:

"Автобуска түштүк. Ал жерде аялдар да отуруптур. Андан ары “Домодедово” аэропортуна кеттик. Аэропорттун башкы эшигинен кишен менен алып киришти. Каттоого жеткенде кишенди чечишти. Учакка 38 мигрант отурду: 8 киши Өзбекстандын же Тажикстандын жараны, калган 30у кыргыз".

Мигрант жигит эки жыл мурун башынан өткөргөн кыйын учуру бүгүнкүдөй эсинде экенин, орус аскерлери аларды экинчи Орусияга келгис кылып кетиришкенин белгилейт:

"Мындайча айтканда, Орусиянын аскерлерин, ОМОН кызматкерлерин ал жерге түшкөндөрдүн баары жек көрүп калат. Коркуу сезими пайда болот. “Мыйзамсыз жүргөндөр экинчи келбесин” деп коркутушат окшойт. Орусияга барайын деген оюм жок. Ал жакта документ тариздөө катаалдашты, зомубулук күчөдү, жашоо кыйындап кетти".

Элчиликтин эшигин кактырган, фактысыз чара көрүлбөгөн жагдай

Азамат мекенине келгенде үн катпай коё алган эмес: эки айдан кийин Кыргызстандын Москвадагы элчилигине “Сахароводогу” кыйноо фактысы боюнча арызданган. Элчиликтин өкүлдөрүнө башынан өткөргөн окуясын толугу менен айтып бергенин, алар бул боюнча иш алып барууга убада беришкенин ырастайт:

"Бул боюнча комиссия түзүлөт: чоңдорго арызданабыз, ИИМге, сотко кайрылабыз” деди. Мен сүйүнүп калдым. “Реакция жасады, көрсө, булар билбей жүргөн турбайбы” деп ойлодум. Анан күттүм-күттүм. “Сиз менен эртең дагы бир адам байланышат” деди. Эртеси дагы бир адам консулдуктан деп телефон чалды. Ага да бир сыйра айтып бердим. Ошол бойдон дым жок.

“Азаттыктын” “Мигрант Медиа” долбоору Азаматтын кайрылуусу боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) кат жөнөттү. Бирок материал даярдалып бүткөнгө чейин жооп келген жок. Мурдараак мекеме 20-июнда Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери “Сахарово” борборунда кармалган мекендештерге барышканын кабарлаган. Борбордун жетекчилиги менен Кыргызстандын жарандарын кармоо шарттары, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан маалыматтар талкууланганы белгиленген.

Маалыматта “Сахарово” борборунун жетекчилиги мыйзам бузуулар тууралуу арыз түшпөгөнүн, мындай фактылар катталса Орусиянын мыйзамдары менен зарыл чаралар көрүлө турганын айтканын жазышкан.

Азамат элчиликке арыздангандан бери бир жарым жыл өткөнүн, андан бери эч кандай чара көрүлбөгөнүн, азыр деле “Сахароводо” мигранттар кордук көрүп жатканын айтат. Эки ай мурун Орусиядан депортацияланып келген айылдашы да “Сахароводо” зомбулукка кабылганынын айтып берген соң, ал элчиликке кайра кайрылган:

"Мен элчиликтин өкүлү менен сүйлөшүп, ал жакта кыйноого кабылганымды, бул тууралуу мурда элчиликке кабарлаганымды, азыр дагы кыйноо уланып жатканын айтттым. Ал киши “андай болушу мүмкүн эмес” дейт. Болушу мүмкүн! “Факт барбы? Сүрөт, видео барбы?” дейт. Менде факты жок. Ушунча кишинин чыркырып жатканы факты эмеспи?! Кайдагы видео? Видеого тартса эртең эле интернетке жайылып кетерин түшүнүшөт да. Телефонду чогултуп алышып, андан соң гана кыйнашат. Факты – биздин үнүбүз. “Факты жок болсо эмне кылабыз” деп алакан жайып коюшту. Эч нерсе кылгылары келбейт, иштегилери келбейт. Мекендештерибиз болсо кордук көрүп келе жатышат".

Сахароводо кезек күткөн мигранттар. Архивдик сүрөт

“Сахарово” мигранттарды коркуткан жай

Азамат Орусияда эки жыл мурун кордук көрсө, анын айылдашы Рустам (аты өзгөртүлдү) депортацияланган мигранттарды “тарбиялоочу” жайга айланган жердин “тузун” быйыл жазында эле татып келди. Ал “Сахароводо” 18 күн отуруп, мигранттарга каршы өкүмзордук күчөгөнүн билдирди:

"Ал жерге түшкөн күнү коркутуп, тизелетип бастырып, бат-баттан чуркатышып, кийимибизди чечтиришти. Андан соң текшеришип, электршокер менен урушту".

Рустам да мигранттар борбордон чыгарда өзгөчө кыйноого туш болорун тастыктады: мигранттардын сакалын кырышкан, мазакташкан. Көбү жеке буюмдарын, акчасын кайтарып ала алган эмес. Ал Кыргызстанга быйыл 14-апрелде кайтып келген:

"Чочконун этинен тамак беришти. Ачка болгондуктан этин алып таштап, тамакты жедик. Арабызда намаз окуган балдар бар эле. Бир бала намаз окуп жатканда күзөтчүлөр кирип келди. Анан бири бетке бир-эки жолу чаап жиберди. Ал бала намазын бузган жок, уланта берди. Биз “ал намаз окуп жатат” деп айтсак, “намазын Кыргызстанга, Тажикстанга, Өзбекстанга барып окусун” деп айтты. Сакал койгондорду тооктун жүнүн жулгандай эле машинка менен кырып коюшту.

Кетерде бир бөлмөгө ар бирибизди экиден киши алып кирди. Баштыгыбыздагы акчаны, повербанк сыяктуу кымбат буюмдарды жерге төгүп, биздин колубузду дубалга тактап, көтөртүп койду. Чөнтөктөрдү бүтүндөй текшерди. Анан мага “жерде жаткан буюмдарыңды ал” деди. Баарына ошентип айтты. Ошол буюмдарды алып жатканда электршокер басышты. Эми алайын десең басат, өйдө көтөрүлсөң баспайт. Кайра эңкейип алайын десең, кайра басат. Ошентип эч ким деле буюмун ала алган жок. [Сахароводон] чыгып жатканда коридордо алты адам турат экен. Ар бири электршокер менен басат экен".

Сахарово. Мигранттар

Үстөккө-босток электршокер жеген Руслан Кыргызстанга келгенде да бир апта колу калтырып жүргөнүн айтат. Эми ал Орусияга кайтып барууну деле каалабайт. Азамат болсо айыл чарба жумуштарында иштөө үчүн бир ай мурун Англияга кеткен. Орусиянын ысык-суугуна бышкан мигрант жигит үчүн ал жактагы 8 сааттык иш анча деле оор эмес.

2022-жылы Москва Украинага согуш ачкандан бери Орусияда мигранттарды текшерүү күч алган. Орус бийлиги ар кандай ыкма менен мигранттарды согушка тартууну улантууда. Миранттар менен иштеген укук коргоочулар “Сахарово” борбор азиялыктарды Украинадагы урушка мажбурлоонун эң ыңгайлуу очогу экенин айтып келишет.