Аскер белети үчүн пара талап кылган кызматкер кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук аскер комиссариатынын бөлүм башчысы У. Б. аскерде альтернативдик кызмат өтөө жана аскер белети үчүн 30 миң сом пара талап кылууга шек саналып кармалды.

Аскер прокуратурасы жана Ички иштер министрлигинин Кылмыш издөө башкармалыгынын кызматкерлери 5-июлда аны паранын бир бөлүгүн - 7 миң сом алып жаткан жеринен кармашты. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.

Шектүү Бишкек гарнизонунун камак жайына киргизилгени, тергөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.

Былтыр декабрда "Аскер Курулуш” мамлекеттик ишканасынын директору эки кызматкери менен "коррупцияга" шектелип кармалган.(ZKo)

Дагы караңыз

Карачай-Черкес жумуриятында никабга убактылуу тыюу салынды Аба ырайы: Тоолуу аймактарда жаан жаайтБритания: парламенттик шайлоодо Кир Страмер башында турган лейбористтер алдыга чыктыАлайда 6 жашар бала сууга агып чарчап калдыБишкекте жаңы “Ош базарды” камтыган көп функционалдуу шаарчанын курулушу башталды