Израил жана ХАМАС сүйлөшүүлөр кайрадан уланганын билдиришти

Газа сектору.

Израил жана ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) Газадагы атышууну токтотуунун шарттары тууралуу ортомчулар аркылуу сүйлөшүүлөр кайрадан уланганын билдирип жатышат. Бул жөнүндө бүгүн 4-июлда бир катар маалымат агенттиктери жазышты.

ХАМАС уюмдун башчысы Исмаил Хания египеттик жана катардык ортомчулар менен бир нече жаңы сүйлөшүү жүргүзгөнүн маалымдады. Бул сүйлөшүү процессине Түркия да кошулганын кошумчалады.

Израил ортомчулардан тынчтык келишимин түзүү тууралуу жаңы сунуштарды алганын билдирди.

Атышууну токтотуу боюнча буга чейинки бардык аракеттер ишке ашкан жок. Израил ХАМАС барымтада кармап турган адамдарынын баарынын бошотулушун жана Газада эркин жүрө алышына кепилдикти талап кылууда. Ал эми ХАМАС израилдик аскерлердин Газадан чыгып кетишин, чабуулдардын токтотулушун айтып шарт коюуда.

АКШнын Газадагы ок атышууну этап-этабы менен токтотуу планы боюнча резолюцияны БУУнун Коопсуздук Кеңеши 10-июнда кабыл алган. Анда барымтага алынгандарды бошотуу, израилдик аскерлерди тилкеден бара-бара чыгаруу жана Газаны согуштан кийин эл аралык көзөмөл астында калыбына келтирүү планы каралган.

Согуш 2023-жылы 7-октябрда ХАМАС Израилдин аймагына кол салганда башталган. Ошол күнү 1200дөй киши өлтүрүлгөн, 250дөй кишини согушкерлер Газага барымтага алып кеткен.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин соңку маалыматына караганда, ошондон бери Израилдин чабуулдарынан 38 миңдей кишинин өмүрү кыйылды, дагы көптөгөн киши уранды астында калган болушу ыктымал. Анклавдын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү улам бир аймакка барып, качкын болуп жашоодо. Эл аралык уюмдар Газа калкын ачарчылык да тооруп турганын айтууда. Согуштун айынан Израилдин дарегине палестин калкына карата геноцид тууралуу айыптоолор айтылууда, өзү антип айтууга эч негиз жок экенин белгилеп, ХАМАСты жок кымайынча өз коопсуздугуна коркунуч сакталып тура берерин билдирүүдө. (RK)

Дагы караңыз

Жогорку соттун төрагасы судьялардын кармалышынан улам сотторго эскертүү бердиУлуу Британияда парламенттик шайлоо өтүп жататКинорежиссер Турсун Усенов дүйнөдөн кайтты Милиция спортчу Ален Офойонун кайрылуусуна жооп берди