Бостериде катуу жол кырсыгынан киши өмүрү кыйылды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалыматына караганда, жол кырсыгы 2-июль күнү, таңга жуук, саат 7:10 чамасында болгон.

Балыкчы-Каракол жолунун Бостери айылынын аймагында катуу ылдамдыкта бараткан "Мерседес-бенц" жана КИА-7 автоунаалары кагышып, "Мерседестин" жүргүнчүсү каза тапкан. Эки унаанын айдоочулары жана КИА-7 автоунаасынын жүргүнчүсү жаракат алышкан.

Аталган мекеме кырсыктардын алдын алуу үчүн жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочулар тууралуу 102 кыска номуруна же 0777 102 102 номуруна чалып билдирип коюуну жарандардан суранат.

Туристтик сезон учурунда Ысык-Көлдүн айланасында жол кырсыктары арбын катталат. Ага көбүнчө ылдамдыкты ашыра айдаган, айрым учурларда рулга алкоголдук ичимдик ичип отурган айдоочулар себеп болот.

ИИМдин маалыматына караганда, былтыр 7 миңге чукул жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырмалуу 13,5% көп. (ZKo)

Дагы караңыз

АКШ Украинага 2,3 миллиард долларлык жардам бөлөтРысмендеева: Ордо - мамлекет башкарууну туюнткан оюн "ИМге жалдоо чордону болгон Тажикстандан АКШга баргандар өскөн" АКШга мыйзамсыз миграция уюштургандар "Ислам мамлекети" менен байланыштабы?Тоту куш жана төө куш аткезчилигине бөгөт коюлду