Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаев атайын кызматка суракка чакырылганын адам укугун коргогон "Кылым шамы" уюму 2-июлда билдирди.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) бул тууралуу маалымат бере элек. "Азаттык" Карабаевдин жакындарынан же адвокатынан азырынча комментарий ала алган жок.
Буга чейин Карабаев Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан.
Ошондой эле экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген. Бийликти сындаган пикирлерин Фейсбукка жарыялаган. Анын айткандарына бийлик органдары комментарий берген эмес.
1-июлда ал Ноокаттагы селден жабыркагандарга жардамды өкмөттүн штабына тапшырбай, элге өз алдынча берүүгө чакырган. (SE)
Дагы караңыз
Беларуста "Тихановскаянын аналитиги" деген 20 киши сыртынан соттолдуОрусияда Казакстандын эки жараны "диверсия" үчүн соттолдуНукус окуясына эки жыл. Эмне өзгөрдү? Си Цзинпиндин Казакстан сапары башталды