Орусияда эки тажик оппозиционерин камоого ордер берилди

Мухаммадикбол Садуридинов жана Шарофиддин Гадоев.

Орусия тажикстандык эки оппозиционерге иш козгоп, аларды камакка алуу тууралуу сыртынан чечим чыгарганын бүгүн 1-июлда «Азаттыктын» тажик кызматы жазды. Москванын Басман райондук сотунун чечими менен аларды кармоого ордер берилди.

Шарофиддин Гадоев менен Мухаммадикбол Садуридиновго (Садриддин) каршы иш Украинадагы согуш тууралуу «фейк» маалымат жайылткан деген негизде козголгону, соттук отурум өткөн айдын соңунда өткөнү маалымдалды, бирок иштин козголушуна эмне себеп болгону тууралуу айтылган жок.

Тажикстандын чет мамлекеттердеги оппозициялык топторунун жана кыймылдарынын башын бириктирген «Тажикстандын улуттук альянсы» уюмунун төрагасынын орун басары Гадоевге каршы иш саясий ишмердүүлүгү, айрыкча Украинаны колдогон билдирүүлөрү үчүн былтыр козголгону маалымдалган. Өзү 2022-жылы ноябрда Украинага барганын, орус аскерлеринин кол салуусун айыптаганын жана тажик жарандарын орус армиясынын катарына кошулбоого чакырганын «Озодиге» айтып берди.

Ал эми Садриддин Орусия сотунун чечимин мигранттарды оппозиция ишмерлеринен оолак болууга үндөө аракети деп мүнөздөдү жана тажик жарандарын Украинадагы согушка катышпоого чакырыгын уланта берерин айтты.

Оппозициячыл активисттер Гадоевге да, Садриддинге да мекенинде иш козголгон. Аларга Европада качкын деген макам берилген.

Садриддин – тажик бийлигин кескин сындаган «Ислох» сайтынын негиздөөчүсү жана башкы редактору.

Тажикстанда бийликти 30 жылдан ашуун убакыттен бери бир киши – Эмомали Рахмон кармап турат. Анын кемчиликтерин ачык айтып чыккандардын көбү камакка алынып, куугунтукка кабылган. (RK)

Дагы караңыз

"Кырсыктын алдын алышса болмок". 15тен ашуун өмүрдү алган селдин сабагы Түркия менен Кыргызстан консулдук мамилени талкууладыФранциядагы шайлоо: Мигранттарга каршы Барделланын партиясы жеңип чыгабы?