Мамлекеттик мекемелерди нан менен "Бишкекнаабайкана" ишканасы камсыздайт

Наабайкана. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик бюджеттен жана Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржылануучу мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү бийлик органдары, ишкана жана уюмдарды нан, кондитердик азыктар менен "Бишкекнаабайкана" муниципалдык ишканасы камсыздай турган болду.

Бул чечим мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатын көздөй турганын Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаар мэриясына караштуу "Бишкекнаабайкана" муниципалдык ишканасы өндүрүш аянты жана кубаттуулугу боюнча борбор калаада жана Чүй облусунда ири наабайкана болуп саналат.

Аталган ишкана 2008-жылы калктын социалдык аялуу катмарын жана муниципалдык мекемелерди жеткиликтүү баада коопсуз жана сапаттуу нан азыктары менен камсыз кылуу максатында түзүлгөн.

Учурда ишкана суткасына 7 миң даана бөлкөнү ташып жеткирет, суткасына 20 миң нан бышырат. (ZKo)

Дагы караңыз

Төрага парламент саясий оюндарга аралашпай иштеп жатканын айттыДепутат Масалиев ЖКда мыйзам, токтомдор талкуусуз өтүп жатканын сындадыХерсондо Орусиянын чабуулунан бир киши каза болгону, 16сы жараат алганы кабарландыГаага: Кылмыш соту Шойгу менен Герасимовду камоо ордерин чыгарды Бастрыкин мигрантты Орусиядан кетирүү үчүн аны согушка жөнөтүү керек экенин айтты