Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:50

Херсондо Орусиянын чабуулунан бир киши каза болгону, 16сы жараат алганы кабарланды


Украина.
Украина.

Украина Херсон облусунда соңку суткада Орусиянын чабуулдарынан бир киши каза болгонун, 16 киши жараат алганын, алардын арасында эки бала бар экенин билдирди. Облустун аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудиндин айтымында, жалпысынан орус аскерлери 25 калктуу пунктту бутага алды.

Облус аймагында жеке үйлөр, кабат үйлөр, дүкөн, газу кууру талкаланганы маалымдалды.

Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, Орусия 27-июнга караган түнү 29 ракета жана дрон учурду, алардын арасынан «Кинжал» ракетасынан башкасынын баары атып түшүрүлдү.

Фронтто Краматорск багытында орус армиясы Временный Яр тарапта чабуулдарын улантып жатканы, Торецк багытындагы абал чыңалып турганы, Харьков багытында Волчанск үчүн күрөш уланып келатканы маалымдалды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG