Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Төрага парламент саясий оюндарга аралашпай иштеп жатканын айтты


Нурланбек Шакиев.
Нурланбек Шакиев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин депутаттары саясий оюндардан алыс болуп мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 27-июнда VII чакырылыштагы парламенттин үчүнчү сессиясынын жыйынтыктоочу отурумунда сүйлөгөн сөзүндө айтты.

Спикердин маалыматына ылайык, бул сессияда Жогорку Кеңеште 73 пленардык жыйын өтүп, 200дөн ашык мыйзам долбоору кабыл алынды. Алардын ичинде Административдик-аймактык реформа тууралуу документ жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууга байланыштуу мыйзам долбоорлору да бар.

“Азыр бардык бийлик бутагы “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, бирдиктүү саясат жүргүзүп жатабыз. Өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган демилгелерди дароо колдоого алып, керектүү иштерди ыкчам жана тез жүргүзүү ыкмасына өттүк. Саясий оюндардан алыс болуп, жеке амбицияларыбызды артка калтырып, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатабыз. Натыйжада бийлик бутактарында туруктуулук орноп, ири реформалар ишке аша баштады”, - деди ал.

Депутаттар июль жана август айларында шайлоочулар менен жолугуп, эс алууда болушат. Кийинки сессия сентябрь айында башталат.

Коомчулукта “депутаттар маанилүү маселелерди позициясын билдирбейт, президенттик администрациянын мыйзамдарын кабыл алып берген нотариус болуп калды” деген сындар айтылып келет.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 2021-жылы 29-декабрда ант берип, ишке киришкен. Жаңы Конституцияга ылайык, парламентке бир мандаттуу 36 округдан 36 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланган. Мыйзам чыгаруу бийлигинде сегиз комитет, алты фракция, эки депутаттык топ бар. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG