Сербия жана Косово ортосундагы мамилени жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү кайрадан улантуу максатын көздөгөн үч тараптуу жолугушуу болбой калганын 26-июнда Европа Биримдиги билдирди. Евробиримдик ортомчулук кыла турган жолугушууга катышуу үчүн Брюсселге Сербиянын президенти Александр Вучич жана Косовонун премьер-министри Албин Курти барышкан.
Биримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррел талкуу болжолдонгондой эле оңой болбогонун, бул жолу расмий бетме-бет жолугушууга даяр эместигин Приштина билдиргенин айтты:
«Үч тараптуу жолугушуу болгон жок, Косово мындай сүйлөшүү өткөрүүнү каалабай койду. Сербия даярдыгын билдирди, бирок танго бийлеш үчүн экөө керек, ал эми диалогду улантыш үчүн эки тарап бир үстөлгө отурушу керек. Тилекке каршы, макулдашууну ишке ашыруу үчүн алдыга жыла алган жокпуз».
Эки өлкө ортосундагы чыңалуу алардын евроинтеграциясына тоскоолдук жаратып жатканы белгиленүүдө.
Былтыр жазында Сербия жана Косово ортодогу мамилени жөнгө салуу жана евроинтеграция боюнча Охрид келишимине кол коюшкан, бирок ал ишке ашырылбай турат.
Сербия мурдагы Косово провинциясына көзөмөлүн 1999-жылы жоготкон. Косово Сербиядан бөлүнгөнүн 2008-жылы бир тараптуу түрдө жарыялап, аны ушул күнгө чейин дүйнөнүн 110дой мамлекети тааныды.
Сербия Косовону өзүнүн бир бөлүгү деп эсептейт. Косовонун эгемендигин расмий Белграддын башкы союздаштары саналган Кытай менен Орусия да тааныбай келет.
Косовонун 1,8 миллиондой калкынын 92 пайызын албандар, алты пайызга жакынын сербдер түзөт. Сербдер Косовонун түндүк аймактарында басымдуу.
Быйыл апрель айында эки өлкөнүн президенттери Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинде айыптаган билдирүүлөрдү жасашкан.
Косово президенти Вьоса Османи Сербияны «Косовонун түндүгүндөгү этностук сербдердин косоволук институттарга интеграция болушуна жол бербей жатат» деп, ал эми Сербиянын президенти Александр Вучич «дүйнө бул аймакта жашаган сербдердин оор абалына жетиштүү көңүл бурбай келет» деп айтышкан.
Батыштын ортомчулугу менен Белград жана Приштина ортосундагы мамилени жөнгө салууга багытталган он жылдан ашуун убакыттан берки сүйлөшүүлөр негизинен Косовонун этностук серб азчылыгынын таанылышынан улам токтоп калган. Мамиле чек арадагы зордук-зомбулукка, бойкоттолгон шайлоолорго жана жөө жүрүштөргө, Косовонун түндүгүндөгү сербдер көп жашаган аймактарда валюта жана башка репрессияларга байланыштуу дагы начарлады.
Сербия Европага Орусиянын империалисттик дымагын тартуучу магнит сымал өлкө болуп турат деген пикирин «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна курган маегинде НАТОнун Европадагы биргелешкен күчтөрүнүн мурдагы (1997-2000-жылдар) командачысы, отставкадагы америкалык генерал Уэсли Кларк билдирген. Ал Сербияны Балкандагы орусиялык “инфекциянын” агенти деп атаган. (RK)
Дагы караңыз
Өкмөт телефондорду эмне үчүн каттайт?Депутат Кадырбеков футбол чемпионатында кумар оюнун жарнама кылбоону талап кылдыОрусияда мигрант эне абакка, наристеси балдар үйүнө түштүПрезидент Жапаров "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу тууралуу мыйзамга кол койду