Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:39

Президент Жапаров "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу тууралуу мыйзамга кол койду


Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралынын иллюстрациялык түшүндүрмөсү.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралынын иллюстрациялык түшүндүрмөсү.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтына 27-июнда жарыяланды.

Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга 2024-жылдын 6-июнунда Бээжин шаарында кол коюлган.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 19-июнда кабыл алган.

Анын максаты - "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолун биргелешип куруу жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүзөгө ашыруу. Ошондой эле аталган мыйзам "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолунун курулушун баштоого мүмкүндүк берет.

Президенттин сайтындагы маалыматта, аталган долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө олуттуу көмөк көрсөтөрү жазылган.

"Жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагына айланат жана Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана жакынкы Чыгыштын рынокторуна жол ачат, анын ичинде, Түркияга жана андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздай алат. Долбоор эл аралык рынокто жүктөрдү жеткирүүдө аралыкты жана убакытты кыскартуунун эсебинен транзиттик ташуулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылат," деп жазылган анда.

"Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолунун курулушу августта башталарын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирген.

Долбоордун жалпы наркы 4 млрд 665 млн доллар болот, анын тең жарымын – 2 млрд 332 млн долларды Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан чогуу чыгарат. Анын 51%ын Кытай берет, Кыргызстан менен Өзбекстан 24,5%дан чыгарат. Мында долбоорго Бээжин 1 млрд 187 млн доллар, Бишкек 573 млн доллар жана Ташкент 573 млн доллар түз салым катары салышы керек.

Темир жол “Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад – Анжиян” багытында түшөт. Анын узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннель курулат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG