Ош облусунда жана Ош шаарында 2024-жылдын беш айында 9 тоннага жакын прекурсор, же маңзат жасоодо керек болчу зат табылды. Андан башка 12 кг ооган өндүрүшүнөн чыккан кара куурай жана 1 кг героин да болгон.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Жанбаев билдирди.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы быйыл апрелде Кыргызстанда баңгизатын жасагандарга жана саткандарга каршы күрөш күчөтүлө турганын билдирген.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2021-жылы бир, 2022-жылы 7, ал эми 2023-жылы синтетикалык маңзат өндүргөн төрт лаборатория аныкталган.
2020-2021-жылдары укук коргоо органдары издөө-иликтөө иштеринин аркасында 28 кг синтетикалык баңгизат табышкан. Ал эми 2022-жылы 89 кг, 2023-жылы болсо 150 кг каражат алынган.
26-июнь - Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул датага байланыштуу өспүрүмдөрдү маңзатка азгырылбоого чакырган турнир уюштурулду. (SE)
Дагы караңыз
"Абактан алып кетишти". Украинадагы урушка тартылган кыргызстандыктарU-17: Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар 10 медал алды"Еврошаркет кандай келишим түзбөсүн, адам укуктары эске алынат"Садыр Жапаров карындашы Лаззат Нургожоева үчүн элден кечирим сурады