Кадамжай районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

24-июндагы селден улам Кадамжай районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, табият кырсыгынын кесепетин жоюу, зыяндарды тактоо иштери уланууда. Селде беш жашар баланын өмүрү кыйылды. Үйүнүн ичине чейин суу каптаган 39 үй-бүлө туугандарыныкында убактылуу баш пааналап турушат. Ноокендин Эргеш Алиев, Лейлектин Катыраң жана Баткендин Ак-Татыр айыл өкмөттөрүндө да өзгөчө кырдаал режими киргизилген.