Украина Орусиянын уу зат колдонгон чабуулдары күчөгөнүн билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Украина Орусияны чабуулдарында «тыюу салынган зыян химиялык заттарды колдонуп жатат жана мындай соккулары көбөйдү» деп айыптоодо. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн 24-июндагы маалыматына караганда, май айында зыян заты бар курал-жарак колдонулган 715 сокку катталды. Апрель айында бул сан 271ди түзгөн.

Тыюу салынган зат, анын ичинде көздөн жаш агызуучу каражат колдонууда деп Украина жана Орусия бирин бири согуш башталгандан бери айыптап келишет.

Согуш 2022-жылы Орусия Украинага каршы толук масштабдуу чабуул койгондо башталган. Кармаш азыр да уланууда. Орус бийлиги согушту “атайын аскердик операция” деп атап, Украинанын аскердик гана объектилерин бутага алып жатканын айтууда. Украина Орусиянын чабуулдарынан шаарлары тыптыйпыл болуп, күн сайын адамдары курман болуп жатканын билдирүүдө. (RK)

Дагы караңыз

Ипотекалык батирдин чарчы метри 550-650 доллардын айланасында болотПольша - Кыргызстан: Сенатор Либицкий жана жардамчысы Максат"Апрелчилерди" араздаштырган чечим: Өкмөттүн жери, Бакиевдин сунушу Кыргызстанда катталган эки компания ЕБ санкциясына илинди