Ажылыкка баргандар арасынан каза болгондор 1300дөн ашты

Мекке. Иллюстрациялык сүрөт.

Меккеге ажылыкка баргандар арасынан каза болгондор 1300дөн ашканын 24-июнда Сауд Арабиясынын саламаттык сактоо министри Фахд бен Абдел Рахман ал-Жаляжел билдирди. Анын айтымында, көз жумгандардын көбү атайын каттоодон өтпөгөндөр:

«Тилекке каршы, каза болгондордун саны 1301ге жетти, алардын 83% ажылык сапарга уруксаты жоктор экени аныкталды. Алар узак жолду тийиштүү талапка жооп бербеген, ыңгайсыз шартта өтүшкөн. Каза болгондордун арасында улгайгандар жана өнөкөт оорулуулар бар».

Сауд Арабиясынын уруксатын алып, каттоодон өткөндөргө атайын виза берилет. Кондиционери бар жайларда визасы барлар гана жүрө алышат.

Министрдин айтымында, көпчүлүк учурда өлүмгө ысыктын айынан организм кургап, адамдын шайы кетип, алсырап калганы себеп болгон.

Соңку күндөрү Меккеде абанын ысыгы 47-52 градуска жетип жатты.

Быйыл 14-19-июнда өткөн ажылык сапарга 1,83 миллион зыяратчы чыккан, алардын 1,6 миллиону чет өлкөлүктөр. Былтыр ажылыкка баргандар арасынан 240 киши каза болгон.

Кыргызстанга быйыл Меккеге 6060 квота бөлүнгөн. Ажылыкка баруу акысы 3750 доллар деп бекитилген. Муфтият каза болгондор арасында Кыргызстан жарандары жок экенин маалымдаган. (RK)

Дагы караңыз

Бабабыз Махмуд Кашгари Барскани “Диванды” 1074-жылы эмес, 1077-жылы жазып бүткөнДагестан: Махачкала менен Дербентте эмне болду? Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайтАзербайжанда куралчан кишини кармоо учурунда үч полиция кызматкери каза тапты