Израилдин коргоо министри АКШга жөнөдү

Йоав Галант.

Газадагы соңку кырдаалды жана жалпы аймактагы коопсуздук маселесин талкуулоо үчүн Израилдин коргоо министри Йоав Галант 23-июнда АКШга жөнөп кетти. Жолго чыгар алдында ал Вашингтонго АКШнын коргоо министри Ллойд Остиндин чакыруусу менен баратканын, мамлекеттик катчы Энтони Блинкен жана башка жетекчилер менен жолугушарын айтты:

«Кошмо Штаттар биздин эң маанилүү жана башкы союздашыбыз. Азыркы тапта биздин байланышыбыз, балким, мурда болуп көрбөгөндөй маанилүү болуп турат. Ал жактагы жолугушууларда мен Газа маселеси боюнча соңку окуяларды, Ливан багытындагы абалды талкуулайм. Бул маселелер азыркы кезде өтө маанилүү болууда. Газа, Ливан жана башка жактар боюнча кандай аракет зарыл болсо, баарына даярбыз».

Галант АКШ менен Израилдин аскердик кызматташтыгы жана Газадагы операциянын активдүү фазасынан кийинки жаңы фазага өтүү маселеси да талкууланарын билдирди.

Өткөн аптада Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ Газадагы операцияга зарыл курал-жаракты кечеңдетип жатканын айткан.

АКШ президенти Жо Байден май айындагы чечими менен Израилге бомбанын айрым оор түрлөрүн жөнөтүүгө убактылуу тыюу салган. Мындай чечимин ал Газада жай тургундардын өлүмүнө алып келүү ыктымалдыгы менен негиздеген.

Израилдин Газадагы тогуз айдан берки чабуулдарынан каза болгон палестиндер 23-июнга карата 37 551 кишиге, жараат алгандар 85 911ге жеткенин анклавдын саламаттык сактоо мекемеси билдирди. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) бул министрлик келтирген маалыматка ишенсе болорун, курмандыктардын көбү аялдар менен балдар экенин билдирген. ХАМАС көзөмөлдөгөн бул мекеменин маалыматында адатта жай тургундар менен куралчан комбатанттардын өлүмү боюнча сан келтирилет.

Соңку эки аптадан бери Израилдин түндүгүндө, Ливан менен чек арасында абал оорлошууда. 12-июнда ал жер ХАМАСтын союздашы, Иран колдогон ливандык "Хезболла" тобунун жапырт ракеталык аткылоосуна кабылган. (RK)

Дагы караңыз

Бишкек-Ош жолунда жана Кадамжайда сел жүрдүКиев облусу ракеталык чабуулга кабылдыЯтимовдун кудасы камалды. Тажикстанда ири кармоолор жүрдүБазарбеков президентке сотторго тиешелүү мыйзамдарды өзгөртүү сунушу берилгенин айтты