Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:25

Ятимовдун кудасы камалды. Тажикстанда ири кармоолор жүрдү


Тажикстан парламентинин депутаты Саиджафар Усмонзода
Тажикстан парламентинин депутаты Саиджафар Усмонзода

Тажикстанда соңку жумаларда мурдагы министрлер, дипломат жана депутат кармалганын медиа каражаттары жазышты. Эки экс-министр тууралуу маалыматты расмий органдар бышыктай элек. Экс-депутат Саиджафар Усмонзода “мамлекеттик бийликти басып алуу аракетин көрүүгө” айыпталууда.

Тажикстанда соңку жумаларда болгон ири кармоолордун себеби эмнеде?

Акбаршо Искандаров

Тажикстандын Жогорку кеңешинин мурдагы төрагасы Акбаршо Искандаров камалганын “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, 21-июнда жазды. Искандаровдун жакындары жана расмий структуралар азырынча бул маалыматты ырастоодон карманып турушат.

73 жаштагы Искандаров 1990-жылдардын башында Тажикстандын Жогорку Кеңешин жетектеген, алтургай бир кезде мамлекет башчынын милдетин убактылуу да аткарып турган.

"Озоди" радиосунун эки башка булагы 21-июнда билдиргендей, Башкы прокуратуранын кызматкерлери 13-14-июнь күндөрү Искандаровду суракка чакырып, соңку жолкусунда коё беришкен эмес. Анын эмне себептен суракка чакырып, кандай негиз менен кармаганы белгисиз.

“Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү ушул күндөрү 50дөй кишини суракка алып, көбүн эч жакка чыкпоо тил каты менен коё беришти. Ал эми Искандаровду бошотушкан жок”, - деген булактардын бири.

Соңку жылдары Искандаров Тажикстандын Илимдер академиясында эмгектенип келген. Ага чейин көп жылдар бою Тажикстандын Түркмөнстандагы, Казакстандагы, Монголиядагы элчиси болгон.

Тажикстандын Жогорку кеңешинин мурдагы төрагасы Акбаршо Искандаров. 16-май, 2017-жыл.
Тажикстандын Жогорку кеңешинин мурдагы төрагасы Акбаршо Искандаров. 16-май, 2017-жыл.

Искандаровдон мурда депутат Саиджафар Усмонзода жана мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи кармалганы маалым болгон. Азырынча бул кармоолордун бири - бирине байланышы бар - жогу белгисиз.

Саиджафар Усмонзода

14-июнда Тажикстандын баш прокурору Юсуф Рахмон парламенттин төмөнкү палатасынын кезектеги жыйынында эл өкүлдөрүнө Саиджафар Усмонзоданы депутаттык кол тийбестиктен ажыратып берүү өтүнүчү менен кайрылган. Жыйынга катышкан мыйзам чыгаруучулардын баары прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, Усмонзоданы камоого уруксат беришкен.

Башкы прокуратура Усмонзоданы жана “башкаларды” Тажикстандагы "мамлекеттик бийликти басып алуу аракетине" айыптап жатат.

“Башкалар” дегени кимдер экени азырынча белгисиз. Усмонзоданын туугандары депутатка тагылган айыптарды “ушак” деп сыпаттап, анын мамлекеттик бийликти басып алуу ниети түшүндө да болбогонун “Озоди” радиосуна айтышты.

Баш прокурор Усмонзоданы Тажикстанда тыюу салынган “Тажикстандын улуттук альянсы” уюмунун лидерлери менен кызматташканы үчүн айыптады. Бул - чет жактагы оппозициячыл партиялардын жана кыймылдардын башын бириктирген уюм.

Башкы көзөмөл органынын жетекчиси айткандай, Усмонзода 2021-жылдын сентябрь айында “Тажикстандын улуттук альянсы” экстремисттик-террордук уюмдун жетекчиси Шарофиддин Гадоев менен телефондон сүйлөшүп, Тажикстандагы мамлекеттик бийликти узурпациялап алуу боюнча алдын ала сунуштарды берген.

“Шарофиддин Гадоев бул максатка жетүү үчүн “Ислам кайра жаралуу” экстремисттик-террордук уюмунун лидери Мухиддин Кабири ага каржы жагынан жардам берип, чет жактан “Жамаат Ансаруллох” террордук уюмунун үч миңдей согушкерин алып келерин убада кылган”, - деди баш прокурор.

Анткен менен Гадоев прокурордун сөздөрүн дароо төгүндөдү.

“Биз Усмонзода менен эч качан Тажикстандагы мамлекеттик бийликти басып алуу темасын талкуулаган эмеспиз. Бул айыптоонун түпкүрүндө жалган маалымат жана ушак кеп жатат. Соңку ирет Усмонзода менен 2020-жылы сүйлөшкөм, бирок анда бийликтин узурпациясын талкуулаган эмеспиз”, - деди Гадоев 14-июнда "Озоди" радиосуна курган маегинде.

Усмонзода эки жолу - 2013 жана 2020-жылдары Тажикстандын президенттигине ат салышууга ниеттенген.

Усмонзода Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Саймумин Ятимовдун кудасы. Тактап айтканда Усмонзоданын уулу Ятимовдун иниси Жамшиддин кызын алган. “Бомдод” басылмасы Жамшид да суракка чакырылып, коё берилгенин өз булактарына таянып жазды.

Саиджафар Усмонзода, Тажикстан парламентинин мурдагы депутаты.
Саиджафар Усмонзода, Тажикстан парламентинин мурдагы депутаты.

Хамрохон Зарифи

"Озоди" радиосунун булактарынын маалыматына ылайык, 12-июнда Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи дагы кармалган.

Бул кабарды расмий органдар ырастаган да, четке каккан да жок. 75 жаштагы Зарифи учурда ардактуу эс алууда эле. Ал эмне себептен кармалганы белгисиз. Тажикстандын укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактын айтканын караганда "суракка алуу жана кармоо Зарифи министр болуп турган учурда Тышкы иштер министрлигинин имаратын куруудагы экономикалык кылмышка байланыштуу”.

Тажик оппозициясы Зарифи менен Усмонзаданын кармалышы бири-бирине байланышта деп эсептешет. Бийлик бул боюнча эч кандай комментарий бере элек. Маалыматтарга караганда, Зарифи Усмонзода менен тыгыз байланышта болуп келген.

Зарифи 1996-2002-жылдары Тажикстандын ЕККУдагы жана БУУдагы туруктуу өкүлү болгон. 2002-2006-жылдары Тажикстандын АКШдагы элчиси кызматын аркалаган. Ал эми 2006-2013-жылдары Тажикстандын Тышкы иштер министрлигин жетектеген.

Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи.
Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи.

Камоолордун төркүнү эмнеде?

Коңшу өлкөдө экстремисттик деп таанылган
"Тажикстандын улуттук альянсы” уюмунун жетекчиси Шарофиддин Гадоев депутат Усмонзоданын камалышын орусиялык генералдын сапарына байланыштырат.

“Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын генералы Саиджафар Усмонзодага өкмөттүн жаңы лидери болууну сунуштаган. Орусия Тажикстанда жаңы өкмөт курагысы келген. Усмонзода Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси Саймумин Ятимовдун тууганы эле. Ал алган кабарды тиешелүү мекемелерге жеткирген эмес”, - дейт Гадоев.

Шарофиддин Гадоев.
Шарофиддин Гадоев.

Юридика илимдеринин доктору Шокиржон Хакимовдун пикиринде Усмонзода бийликтеги партиянын, президенттин кызыкчылыктарын коргоп келген, андыктан анын камалышы бир катар суроолорду жаратууда.

“Тажикстандын баш прокурору айткан фактылар абдан олуттуу. Андыктан дагы көп иликтөөлөр күтүлөт”, - дейт ал.

Ал арада Европадагы тажик оппозициясынын өкүлдөрү суракка ондогон адам алынганын айтууда. Берлинде жашаган оппозициячыл журналист Додожон Атовуллаевдин 50дөй киши суракка чакырылганын айтты.

Атовуллаев өз маалыматтарына таянып, суракка чакырылгандардын арасында мурдагы ички иштер министри Якуб Салимов, тажик оппозициясынын мурдагы талаа командири Саламшо Мухаббатов жана “Альфа” атайын бөлүгүнүн мурдагы командири Назрулло Наимов дагы болгонун айтты. Атовуллаевдин сөзүнө караганда, Наимов сурактан чыккан эмес.

Ал эми “Ислох ТВ” оппозициячыл каналынын башкы редактору Мухаммадикбол Садриддин милицияга чакырылгандардын саны андан көп экенин белгилейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG