Ишембиде орусиялык күчтөрдүн Харьковду аткылоосунан үч адам каза таап, 30дан ашууну жараат алды.
Шаар мэри Игорь Терехов орусиялык аткылоодон кийин төрт жарылуу болгонун, бир сокку эл жашаган имаратка урулганын кабарлады.
Украинанын президенти Владимир Зеленский талкаланган үйдүн видеосун жарыялап, Харьковго кол менен башкарылган авиабомбалар ташталганын билдирди.
Соккудан үйдүн жанындагы аялдамага зыян келтирилип, троллейбустан түшүп келе жаткан бир адам каза тапкан.
Орусия менен чектеш Украинанын Харьков облусу акыркы жумаларда тынымсыз соккуга кабылууда. Орусиялык аскерлер кол башкарылуучу авиабомбаларды колдонууда.
АКШ жана бир катар Батыш өлкөлөрү украин аскерлерине Харьковго чектеш орусиялык аймактарды өздөрү берген куралдар менен атууга макул болушкан. Украин президенти Владимир Зеленский акыркы кайрылуусунда өнөктөштөрүнөн орусиялык аэродромдорго сокку урууга уруксат сурады.
Дагы караңыз WP: Киев чектөөдөн улам орусиялык аэродромдорго чабуул коё албай жататДагы караңыз
Астанада көп кабаттуу имаратта өрт чыгып, жашоочулар эвакуация болдуТалантаалы Бакчиев "Манас" академиясынын жетекчилигинен кеттиИранда рэперди өлүм жазасына тарткан өкүм жокко чыкты