Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:25

Астанада көп кабаттуу имаратта өрт чыгып, жашоочулар эвакуация болду


Астанада "Хан Шатыр" соода-оюн-зоок борборуна жакын көп кабаттуу имаратта өрт чыкты.

Социалдык тармакта Казакстандын борбор калаасынын жашоочулары коюу түтүнгө чулганган имараттын фото жана видеосун жарыялашууда.

"Астананын өрт өчүрүүчү бөлүмү Туран 37/9 дарегине келишти. Өрт өчүрүүчүлөр келгенде 26-кабаттагы батирдин тышкы тарабы күйүп жатканы белгилүү болгон", - деп кабарлады Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Куткаруучулар сегиз адамды эвакуация кылды, арасында бир бала бар экени белгилүү болду. Жабырлануучулар тууралуу маалымат жок.

ӨКМ кийинчерээк имараттын тышкы кабаты күйгөнүн билдирди. Өрттү өчүрүү үчүн 16 техника жана 72 адам тартылган.

Алдын ала маалыматта 180 чарчы метр аянтты өрт каптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG