АКШ Вашингтон жана Нью-Йорктогу Орусиянын виза борборлорун жабат

АКШ Вашингтон жана Нью-Йорк шаарларындагы Орусиянын виза борборлорун жабат. Орусиялык дипломаттарды салык жеңилдигинен ажыратат.

Бул тууралуу Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов маалымдады.

"Эми орусиялык дипломаттар менен консулдарга кошумча түйшүк түшөт", - деген Антонов муну АКШ тарабынан жасалган "майда, ыплас чабуул" деп атады.

Элчинин сөзүнө караганда, Американын администрациясы бул чечимине түшүндүрмө берген эмес. Антонов Орусия да жооп чарасын көрө турганын эскертти.

Орусиянын бийлиги 2021-жылдан бери АКШны "дос эмес өлкө" деп эсептейт.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков 18-июнда эки өлкөнүн дипломаттык мамилеси "эң төмөнкү чекке" жеткенин билдирген. Москванын Украинага кол салышы алаканын ансайын суушуна алып келди.

Дагы караңыз

Украинадагы согушка катышканы үчүн соттолгон кыргызстандык орус армиясы менен жаңы келишим түздүКой-Таш окуясы: Алга Кылычов 10 жылга кесилдиАба ырайы: Дарыяларда суу кирип, сел жүрүшү мүмкүнБишкекте Сүймөнкул Чокморовдун жаңы эстелиги орнотулду