Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:51

Аба ырайы: Дарыяларда суу кирип, сел жүрүшү мүмкүн


Боом капчыгайындагы суу каптаган жол.
Боом капчыгайындагы суу каптаган жол.

22-23-июнда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындан улам тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

23-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, тоолордо карга айланат.

Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28 градус жылыйт.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.

Абанын температурасы түнкүсүн 20…22°, күндүз 34…36° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 26…28° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 21-июнда күндүз 22,3°, 22-июнда эртең менен 20,4° жылуу болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG