Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:37

Украинадагы согушка катышканы үчүн соттолгон кыргызстандык орус армиясы менен жаңы келишим түздү


Аскар Кубанычбек уулу сотто. Бишкек. 2023-жыл.
Аскар Кубанычбек уулу сотто. Бишкек. 2023-жыл.

Согушка катышканы үчүн Кыргызстанда соттолгон Аскар Кубанычбек уулу орус армиясы менен жаңы келишим түздү. Ал согушка Якутиядан кетет.

Бул тууралуу Орусиянын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук комитетинин төрагасы Кирилл Кабанов Telegram-каналына 21-июнда жазды.

Кирилл Кабанов кыргызстандык Аскар Кубанычбек уулу Москванын четиндеги “Сахарово” миграциялык борборуна барганда “орус паспорту үчүн эбегейсиз сумма” сураганын, бирок "ал басынгысы келбей Якутияга барып, “Орусияны коргоо” үчүн жаңы келишимге кол койгонун" белгилеген.

“Аскар кагаз жүзүндө орус жараны болбосо дагы, фронтко чыныгы орус руху менен барат. Ал татыктуу түрдө орус жарандыгын жакын арада алат деп үмүттөнөм”, - деп жазды Кирилл Кабанов.

Аскар Кубанычбек уулун 2024-жылдын башында Кыргызстандын соту Украинадагы согушка катышканы үчүн жети жылга эркинен ажыратылып, кийин пробациялык көзөмөл менен бошотулган. Тыюу салуу чаралары дароо күчүнө кирбегендиктен, Казакстан аркылуу Орусияга чыгып кеткен.

Кубанычбек уулу апрель айында орусиялык журналисттерге курган маегинде орус жарандыгын жана ал жактан убактылуу башпаанек алуу үчүн документтерин тапшырганын билдирген. Андан көп өтпөй Орусиянын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ирина Волк Аскар Кубанычбек уулуна жарандык берүү маселеси “белгиленген тартипте” чечилерин билдирген.

Май айында Бишкектин Биринчи май райондук соту "Украинадагы согушка катышкан" деген айып менен соттолуп, кийин пробация аркылуу бошотулган кыргызстандык Аскар Кубанычбек уулунун Орусияга чыгып кетиши боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын кабарлаган.


Аскар Кубанычбек уулу Украинадагы согушка катышканы үчүн соттолгон биринчи кыргызстандык. Ал 2023-жылы январда кармалган. Өкүмдө Москвада жашап жүргөн кыргыз жараны 2022-жылы июнь айында “материалдык пайда табуу үчүн” Орусиянын аскердик топторунун бирине кошулуп, Украинадагы согушка катышканы жазылган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренеси “Жалданмачылык” менен кылмыш иши козголгон. Ошол кезде Орусиянын президентине караштуу адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү болгон Кирилл Кабанов Аскар Кубанычбек уулун бошотуу өтүнүчү менен Кыргызстандын бийлигине кайрыларын жарыялаган. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова ага орус паспортун берүү маселеси каралып жатканын билдирген.

Орусия Украинага басып киргенден бери Кыргызстан бейтарап позицияда экенин жарыялап, эгер кыргыз жарандары чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип келет.(ZKo/RsM)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG