Евробиримдик менен Украинанын Коопсуздук келишими кол коюуга даяр

Евробиримдик менен Украинанын Коопсуздук келишимине жакынкы күндөрү кол коюлат. Бул тууралуу биримдиктин өкүлү 21-июнда Брюсселдеги брифингде билдирди. Тараптар келишимдин текстин макулдашуусуна бир нече ай кеткен.

Украин президенти Владимир Зеленский келишимге 26-июнда кол коеру күтүлүүдө. Документте Киевге аскердик жардам тууралуу гана эмес, каржылык колдоо, евроинтеграция жана башка тармактардагы кызматташтык тууралуу да макулдашылганын "Немис толкуну" маалымдады.

Келерки жылы Еврошаркет Орусиянын Украинага кол салуусуна каршы 14-санкция түрмөгүн бекитүүгө тийиш. Биримдиктин тышкы иштер министрлери Люксембургга чогулат. Алар дагы бир маселени - Грузиянын абалын талкуулашат. Бирок эч кандай чечим күтүлбөйт. "Немис толкуну" жазгандай, тема Еврошаркеттин 27-28-июнда Брюсселде өтүүчү саммитинде талкууланат.

Дагы караңыз

Үч окуучу жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку - 234 упай алды Тажик бийлиги хижаб кийгендерди жазалайтЖайыл: Алты баланын өмүрү кыйылган окуянын чоо-жайы Салык кызматынын төрагасынын орун басары коррупцияга шектелип кармалдыБишкектеги жаңы конуштарга "акылдуу" суу эсептегич коюлат