Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:51

Бишкектеги жаңы конуштарга "акылдуу" суу эсептегич коюлат


Жаңы конушта таза суу издеген тургундар. Арча-Бешик, Бишкек. (архив)
Жаңы конушта таза суу издеген тургундар. Арча-Бешик, Бишкек. (архив)

Бишкекти айланта курчаган жаңы конуштарга "акылдуу" суу эсептегич коюлат.

Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев 21-июнда Жогорку Кеңештин “Ишеним”, “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ынтымак” фракцияларынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйынында билдирди.

Жунушалиев бул бардык жаңы конуштарда суунун туура пайдаланылышын көзөмөлгө алуу максатында жүргүзүлөрүн белгиледи. Анын сөзүнө караганда, жайкы мезгилде суу тартыштыгын болтурбоо үчүн "Орто-Алыш" суу кампасында изилдөө иштери жүргүзүлүп, 30 жылдан бери тазаланбай турган жасалма көлмөлөр жана суу сордургучтар тазаланды.

"Орто-Алыш" суу кампасында тогуз көлмө бар, кышында дагы бирди курдук. Чүй облустук суу чарба башкармалыгы менен 22 млн куб суу алууга келишим түздүк. Суунун деңгээли төмөнкү чекке чейин түшүп кетти", - деди мэр.

Шаар башчынын маалыматына ылайык, "Баш-Кара-Суу", "Зонный" жана ХБО суу кампаларында да оңдоо иштери жүргөн. Мамлекеттик бюджеттен "Баш-Кара-Суу" кампасына суу чыгаруу үчүн 150 млн сом бөлүнүп, ага беш суу сордургуч курулган.

Былтыр жайында Бишкектеги Арча-Бешик, Ынтымак, ТЭЦ-2, Селекция, Орок, Ак-Ордо жана Ала-Тоо конуштарында таза суу таңкыстыгы жаралган.

Селекция, Сары-Өзөн, Орок айылдарынын жана Арча-Бешик конушунун тургундары суу токтоп калганына нааразы болуп, жол тосушкан.

Мэриянын маалыматында, Бишкекти таза суу менен Орто-Алыш жана Ала-Арча жер астындагы суу алгычы камсыздайт. Анын 40% ашыгы Орто-Алыш суу алгычынан келет. Аталган суу алгычта жер астындагы суунун деңгээли 15 метрден 20 метрге чейин төмөндөгөн.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG