Тажикстанда мурдагы тышкы иштер министри кармалганы маалымдалды

Хамрохон Зарифи

Тажикстандын борбор калаасы Дүйшөмбүдө өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи кармалганын бүгүн 20-июнда «Озоди» радиосу өз булактарына таянып жазды.

Мурдагы башкы дипломатты 12-июнда кармап кетишкени, 16-июнга чейин Ички иштер министрлигинин убактылуу кармоочу жайында кармап турушканы, андан кийин башка жакка которушканбы же сурактан кийин коё беришкенби, белгисиз болуп жатканы кабарланды.

Зарифинин кармалышы боюнча бийлик эч кандай расмий маалымат бере элек. 75 жаштагы мурдагы министр пенсияда болчу.

«Озодинин» булактары кабарлагандай, анын кармалышына жана суракка алынышына Тышкы иштер министрлигин жетектеп турган кезде «мекеменин жаңы имаратын куруудагы экономикалык кылмыш» тууралуу маалымат негиз болгону ыктымал.

Зарифи тажик парламентинин депутаты Саиджафар Усмонзода мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылганы тууралуу айыптоонун негизинде кармалган күнү колго түшүрүлгөнү маалымдалды.

Тажик оппозициясы Зарифинин кармалышы Усмонзоданын ишине байланыштуу экенин айтып жатат.

«Озодинин» булактары Зарифи Усмонзода менен карым-катнашы бар экенин, бирок ага козголгон ишке тиешеси бар же жогун так айтуу мүмкүн эместигин айтышты.

Парламент депутаты, Тажикстандын «Демократиялык партиясынын» мурдагы төрагасы Саиджафар Усмонзода Башкы прокуратуранын «мамлекеттик бийликти басып алуу үчүн кутум уюштуруу аракетине катышкан» деген айыбынын негизинде камакка алынганы, кол тийбестиктен ажыратылганы 14-июнда белгилүү болгон.

Хамрохон Зарифи 1974-жылдары коопсуздук органдарында, 1993-жылдан бери дипломатия мекемесинде эмгектенген, 2006-2013-жылдары тышкы иштер министри болуп иштеген. (RK)

Дагы караңыз

Трамптын күйөө баласы Сербияда ири комплекс куратАкылбек Жапаров темир жолго алынчу насыя мамлекеттин эмес, компаниянын мойнуна илинерин айттыКыргыз бажысы: Коррупцияга каршы күрөш көп күчтү, убакытты талап кылатОрусия: Оппозиционер саясатчы Кара-Мурза абактагы шарты эң катаал жайга которулду