Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:36

Трамптын күйөө баласы Сербияда ири комплекс курат


Белград. Комплекс курула турган жер.
Белград. Комплекс курула турган жер.

Сербия президенти Александр Вучич АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер менен жолугуп, борбор калаа Белградды чогуу кыдырып чыкканын жана ортодо "шыктандыруучу пикир алмашуу" болгонун 19-июнда билдирди.

Вучич Кушнерге Сербиянын борборун көрсөткөнүн жана шаардын "азыркыдан да тез өнүгүү" планын талкуулашканын айтты. Кушнер “Белграддагы эң сонун мейманкананын” долбоорун тартуулаганын кошумчалады.

Быйыл 15-майда Сербия Кушнерге таандык Affinity Global Development компаниясы менен келишимге кол койгон. Анда Белграддын аймагындагы мурда югославиялык аскерлер пайдаланып келген аймакты реконструкциялоо каралган. 1999-жылы ошол жер НАТОнун Косоводогу албандарды этностук тазалоодон коргоо операциясынын алкагында эки жолу бомбаланган.

The New York Times басылмасынын маалыматына караганда, инвестиция суммасы 500 миллион долларды түзөт.

Сербиянын курулуш, транспорт жана инфраструктура министри Горан Весичтин айтымында, ал жерде мейманканадан тышкары соода борбору жана мемориалдык комплекс курулат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG