Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:10

Орусия: Оппозиционер саясатчы Кара-Мурза абактагы шарты эң катаал жайга которулду


Владимир Кара-Мурза
Владимир Кара-Мурза

Орусия бийлиги камакта отурган оппозиционер саясатчы Владимир Кара-Мурзаны өтө катаал шартта кармоочу жайга которгонун анын мурдагы адвокаты Вадим Прохоров билдирди. Жактоочунун айтымында, Орусиянын колонияларында эң катаал шартта кармоо тартибинин эки түрү бар, алардын бири – камералык типтеги жай.

Прохоров Кара-Мурзаны ошондой жайга жарым жылга камашканын, бул мүмкүн болгон эң узак мөөнөт деп эсептелерин, колониянын ичиндеги өзүнчө түрмө экенин жана андай жайда абак тартибин одоно бузгандар гана камаларын айтты.

Кара-Мурзаны, адвокаттын айтымында, абак кызматкери талап кылгандай колун артка көтөрүүгө бир нече секунд үлгүрбөй калганы үчүн жазалап жатышат. Прохоров катаал шартта кармоо саясатчынын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жаратышы мүмкүн экенин белгиледи.

Саясатчы, тележурналист, режиссёр, публицист, саясий туткун Кара-Мурза 2022-жылы кармалып, «мамлекетке чыккынчылык кылган, армия тууралуу фейк маалымат тараткан жана «туура эмес» уюм менен кызматташкан» деген айыптардын негизинде 2023-жылы 17-апрелинде катаал тартиптеги колонияга 25 жылга кесилген. Ал жаза мөөнөтүн Омск шаарындагы абакта өтөөдө.

Өзү жана тарапташтары ал саясий жана жарандык позициясы үчүн гана куугунтукка алынып жатканын белгилеп келишет.

Владимир Кара-Мурзага каршы кылмыш иши 2022-жылы апрель айында козголгон. Анын АКШда Аризона штатында Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү алдында сүйлөп жатып «орусиялык аскерлер Украинада жай тургундар жашаган жерлерди, төрөт үйлөрүн, ооруканаларды жана мектептерди бомбалоодо» деген мазмундагы сөзү Орусияда «саясий жек көрүүчүлүктүн айынан орус армиясы тууралуу фейк маалымат таратуу» деп бааланган.

Ал Орусия Украинада согуш кылмыштарын жасап жатканын айткан.

Эл аралык Amnesty International укук корго уюму Кара-Мурзаны абийир туткуну деп жарыялаган, "Мемориал" уюму саясий туткун деп тааныган.

Кремлдин дагы бир сынчысы, Смоленск облусунда камакта отурган оппозиционер Илья Яшинди да 18-июнда камералык типтеги жайга которушканы маалым болду.

Быйыл жазында Орусиянын абагында бийликтин келишкис сынчысы Алексей Навальный белгисиз жагдайда каза болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG